Президент Эрдоган Казакстанга барат
Сапар эки күнгө созулат
627077
Президент Режеп Тайип Эрдоган Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу менен 11-декабрь жекшемби күнү Казакстанга барат.
Президенттиктен маалымдалгандай, президент Эрдоган эки күндүк сапарынын алкагында Казакстандын президенти Назарбаев менен бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрөт.
Сүйлөшүүдө эки тараптуу жана аймактык маселелер менен катар, 2017-жылы эки өлкөнүн президенттеринин жетекчилигинде Түркияда өткөрүлүшү көздөлгөн Түркия-Казакстан жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин үчүнчү жыйынына даярдыктар да каралмакчы.