Германияга дипломатиялык жооп берилди

Аэропорт жана чек ара капкаларында немис кызматкерлерине өз өлкөлөрүндө түрктөргө жасалган мамиленин өзүндөйү көрсөтүлө баштады.

626942
Германияга дипломатиялык жооп берилди

Германияга дипломатиялык эрежелерди тебелегени үчүн жооп берилди.

Аэропорт жана чек ара капкаларында немис кызматкерлерине өз өлкөлөрүндө түрктөргө жасалган мамиленин өзүндөйү көрсөтүлө баштады.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрага орун басары Айшенур Бахчекапылынын Германияда дуушар болгон мамилесинен кийин, 4 немис дипломаты Стамбулдун «Ататүрк» аэропортунда кеңири иликтөө жана изилдөөдөн өткөрүлүп күттүрүлдү. Паспорт текшерүү жериндеги процедуралар 2 саатка созулду.

Немис дипломаттар кеңири иликтөөнүн себебинен уактарына жетише албай калышты.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрага орун басары Айшенур Бакхекапылынын Германияга сапары убагында уурдатып жиберген паспортунун ордуна убактылуу паспорт алганына карабастан Көльн аэропортунда полиция тарабынан көпкө күттүрүлгөн.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, террористтерди өлкөсүндө баккан, жардам берип жана баш калкалатып ар түрдүү жеңилдикти камсыздаган Германиянын Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрага орун басарына карай ушундай урмат-сыйсыз мамилеси жоопсуз калбай турганын, эсеси менен жооп бериле турганын айткан.



Тектеш кабарлар