Эрдоган элдин аракетин кубаттады

Бирок жетиштүү эмес экенин айтты

627275
Эрдоган элдин аракетин кубаттады

Президент Режеп Тайип Эрдоган валюталардын түрк лирасына айландырылышына карата кадамдарды ыраазычылык менен кабыл алгандыгын бирок жетиштүү деп эсептебегенин айтты.

Стамбулда журналисттердин суроолоруна жооп берген Эрдоган, элдин акыркы жумаларда валютадан түрк лирасына өтүүгө карата тандоосун кубаттаганын белгиледи.

Эрдоган: «Бирок жетиштүүбү? Менин оюмча жетиштүү эмес. Буга элим дагы да басым жасашы керек деп ойлоймун. Урматтуу премьер-министрибиз да мамлекеттин коомчулукка карата сатып алууларда, тендерде терс абал болбогон учурда түрк лирасы менен кадамдын таштала турган болушун айтышы да бизди жеңилдетет»,-деди.

Иран жана Кытай башкаруучулуктары менен жергиликтүү акча менен соода жүгүртүлүшүн сүйлөшкөнүн эске салган президент Эрдоган: «Иран менен Кытай буга оң көз карашта болушту. Муну ишке ашырсак акчаларыбыз үстүндөгү курс кысымынан кутулат»,-деп айтты.

Элдин эми пайыз лоббисине мүмкүнчүлүк бербөөсүн да каалаган Эрдоган, мындан кийинки процессте Борбордук банк жана мамлекеттик банктардын өтө этият мамиле кылаарына ишенгенин белгилеп өттү.



Тектеш кабарлар