Германиянын элчиси Тышкы иштер министрлигине чакыртылды

Түркия Германияга каршылык көрсөттү

625971
Германиянын элчиси Тышкы иштер министрлигине чакыртылды

Германияда паспортун уурдаткан Түркия Улуу Улуттук жыйынынын төрага орун басары Айше Нур Бахчекапылыга аэропортто жасалган мамиледен кийин Германиянын Анкарадагы элчиси Мартин Эрдман Тышкы иштер министрлигине чакыртылып, Түркиянын каршылык көрсөтүүсү билдирилди.

Мартин Эрдман кеңешчи орун басары деңгээлинде кабыл алынды.

Паспортун уурдаткан Бахчекапылы Түркияга кайтуу үчүн убактылуу паспорт чыгарткан.

Бирок немис полициясы убактылуу паспортунда маселе болгонун белгилеп, Бахчекапылы менен аны коштогон делегацияны аэропорттогу полиция пункутунда күттүргөн.

Президент Режеп Тайип Эрдоган бул мамилеге каршылык көрсөтүп: «Сен террористтерди кабыл алып, өлкөңдө коноктоп жатасың. Бирок бул өлкөнүн Түркия Улуу Улуттук жыйынынын төрага орун басарын жана делегациясын ал жерде каалгада бир канча саат күттүрөсүң. Эми өздөрүнө да ошондой кылсам «Эрдоган диктатор» деп айтат. Сен Түрк Парламентинин төрага орун басарына ушул сыяктуу туура эмес мамиле жасасаң, менин буга жооп кайтарышым керек. Бул кызматкерлерге керектүү иштер жасалмайынча Түркия да буга эсеси менен жооп берүүгө аргасыз»,- деген болчу.



Тектеш кабарлар