Айрым чөйрөлөр террордук уюмдарды колдонуп жатышат

Эрдоган Президенттик комплексинде өткөрүлгөн Айыл өкмөт башчыларынын 31-жыйналышында сөз сүйлөдү.

626092
Айрым чөйрөлөр террордук уюмдарды колдонуп жатышат

Президент Режеп Таййип Эрдоган түрк лирасын коргоп жаткан элге ырахматын айтты.

Эрдоган Президенттик комплексинде өткөрүлгөн Айыл өкмөт башчыларынын 31-жыйналышында сөз сүйлөдү.

Түркияга каршы ойнолуп жаткан оюнга көңүл бурган Эрдоган, айрым чөйрөлөрдүн жикчил террор уюму ПКК жана Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨнү колдонуп Түркияны курчоого алуу сыяктуу мыкаачылык жана жаман аракетте болгондорун белгилеп, буларга каршы чечкиндүү күрөш жүргүзгөндөрүн айтты.

Эрдоган: «Акыркы сокку экономикабызга урулду. Экспорт жана туризм аркылуу жасалган кол салууга кошумча түрдө валюта спекуляциясы менен экономикабыз кулатылууга аракет кылынууда»,-деп айтты.

Президент, өкмөт экономикага байланыштуу тийиштүү чараларды көргөнүн жана көрүшүн да уланта турганын айтты.

Эрдоган: «Акыркы күндөрдө валюта курстарынын түрк лирасына карата жогорулоосунун себептерин караганыбызда кол менен кармалса боло турган, олуттуу экономикалык жообу болгон эч бир жагдай көргөн жерибиз жок. Белгилүү жерлер тарабынан үйлөнгөн терс абадан келип чыккан жасалма валюта жогорулоосуна туш болгон абалдабыз»,-деди.

Түрк лирасынын үстүнөн ойнолгон оюндарга каршы мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүн жумшагандарын баса белгилеген Эрдоган, улуттун да түрк лирасына багытталып өлкөсүн валюта кысымына алууну каалагандарга жакшы бир жооп бергенин айтты.

Улут үчүн мекен сөз болгондо калганынын майда чүйдө нерселер болгонун белгилеген Эрдоган, улуттун түрк лирасын коргоо чечкиндүүлүгүн уланта турганына ишенгенин, бул улуттун пайыз лоббисине багынып бербей турганын айтты.

Өткөндө да ушул сыяктуу окуялар менен Түркияга каршы оюндар ойнолгонун эске салган Эрдоган: «Кризистен мурда 2007-жылы президенттик шайлоо мезгилинде, бизди саясий жактан бурчка такагысы келгендер экономиканы да курал катары колдонушту. Гези паркы окуяларында, 17-25-декабрда, Түштүк Чыгыш облустарыбыздагы чуңкур казуу кыймылдарында, Сирия жана Ирак кризистеринде жалаң бирдей оюнду ойношту. Экономика аркылуу Түркияны саясий жактан багындыруу пландары эч биринде кудайга шүгүр ишке жараган жок. 15-июлда ошондой эле оюнду сахналоого дагы мүмкүнчүлүк таба албай улутубуздун каршы жүрүшү менен артка чегиништи. Эми Түркиянын Сирия жана Иракта олуттуу жүрүштөрдү кылганы, Парламентте президенттик системасына өтүүгө байланыштуу кадамдардын арапасында тургандарын, Европа Биримдигине байланыштуу манилүү чечимдерди чыгаруу алдында турган ушул убакта экономика куралын дагы бир жолу бизге бурушту»,-деп айтты.

Эрдоган Түрк улутун саясий, экономикалык, социалдык, маданий эркиндигинен баш тарттырууну каалагандарга аянтты калтырбай тургандарын белгилеп кетти.



Тектеш кабарлар