Эрдоган-Талон жолугушуусу

Бениндин президенти Патрис Талон президент Режеп Таййип Эрдогандын коногу катары кечээ Анкарага келди.

625019
Эрдоган-Талон жолугушуусу

Миңдеген км алыстыктан Фетуллахчы террор уюму/параллель мамлекет түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетине каршы Түркияга колдоо келди.

Бениндин президенти Патрис Талон президент Режеп Таййип Эрдогандын коногу катары кечээ Анкарага келди.

Талон, Анкарадагы жолугушууларын Аныткабирге зыярат кылуу менен баштады. Андан кийинки аялдамасы 15-июлдагы төңкөрүш аракетинде бомбалардын бутасы болгон Түркия Улуу Улуттук Жыйыны эле.

Талон, ардагер парламенттин төрагасы Исмаил Кахраман менен кызмат орундугуна барып жолукту.

Колдоо сапарынын акыркы аялдамасы болгон Президенттик комплексинде президент Эрдоган конок кесиптешин расмий салтанат менен тосуп алды.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы ар башка тармактарда 5 келишимге кол коюлду.

Жолугушууларда айрыкча ФЕТӨ менен күрөшүү да ташка тамга баскандай эсте калды. Президент Эрдоган ФЕТӨнүн Бениндеги 3 мектебинин жабыла турганын айтып: «Бениндик досторубуз биздин досубузга душман болгондор менен биз дос болбойбуз дешти»,-деп айтты.

Максатыбыз 54 Африка өлкөсүндө да элчилик ачуу деп айткан Эрдоган, Африка материгинин келечегинин гүлдөгөн жана жарык экенин белгилеп кетти.

Конок президент Патрис Талон да болуп өткөндөрдү айыптап, терроизм менен күрөшүүдө колдошууну баса белгиледи. Талон: «Туугандык карым-катнаштарыбызды өнүктүргүбүз келет. Эң кыска убакта сизди Бенинде күтөбүз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар