Эрдоган Германияга каршылык көрсөттү

Президент Эрдоган Германияга эсеси менен жооп кайтарыла турганын айтты.

625621
Эрдоган Германияга каршылык көрсөттү

Германияга барган Түркия Улуу Улуттук жыйынынын төрага орун басары Айшенур Бахчекапылыга жасалган мамилеге президент Режеп Тайип Эрдоган да каршылык көрсөттү.

Президент Эрдоган Германияга эсеси менен жооп кайтарыла турганын айтты.

Эрдоган Президенттик комплексте өткөрүлгөн айыл өкмөт башчыларынын 31-жыйынында, Түркия Парламентинин төрага орун басары Бахчекапылыга жасалган мамилени күн тартипке койду.

Германияга саякаты убагында ичинде өздүк документи жана паспорту да болгон сумкасы уурдалып кеткендиктен элчиликтен алган убактылуу паспортко карабастан Бахчекапылынын аэропорттон өтүүсүнө уруксат берилбегенин эске салган Эрдоган: «Сен террористтерди кабыл алып, өлкөңдө коноктоп жатасың. Бирок бул өлкөнүн Түркия Улуу Улуттук жыйынынын төрага орун басарын жана делегациясын ал жерде каалгада бир канча саат күттүрөсүң. Эми өздөрүнө да ошондой кылсам, Эрдоган диктатор деп айтат. Сен Түрк Парламентинин төрага орун басарына ушул сыяктуу туура эмес мамиле кылсаң, менин буга жооп кайтарышым керек. Бул кызматкерлерге керектүү иштер жасалмайынча Түркия да буга эсеси менен жооп берүүгө аргасыз»,- деди.



Тектеш кабарлар