Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Бакуда
Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы карым - катнаштар сөз болду
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Азербайжандын борбор шаары Бакуда жолугушууларды өткөрүүдө. Министр Чавушоглу азербайжандык кесиптеши Элмар Меммедияров менен жолугушту. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы карым - катнаштар, Карабах маселеси, чечүүчү жол процессиндеги абалдар башта болуу менен аймактык жана эл аралык маселелер каралды.
Чавушоглу : "Сооданы арттыруубуз керек. Сооданын алдындагы бөгөттөрдү жоюп, сооданын жакшы жүрүшү үчүн транспорттун жакшы болушу керек. Баку - Тбилиси - Карс темир жолу бүткөндө дагы жакшы болот. Пекинге чейинки бир проектинин борборунан бирдикте орун алдык. Транспортко абдан чоң маани берип жатабыз. Энергетика тууралуу проектилерибиз да ийгиликтүү улантылууда. Бирок ТАНАП биз үчүн эң маанилүүсү. Бул орток проектибиз жана мүмкүн болушунча убактысынан мурда бүтүрүү үчүн аракет кылуудабыз. Оболу Азербайжан газы Түркияга келет, андан кийин да Европа базарларына жеткирилет",- деди.
Тектеш кабарлар
Йылмаз «Өнүгүү жолу долбоору» тууралуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады
Йылмаз: «Түркия бул долбоор менен стратегиялык абалын дагы да арттырат»,-деди.