Улуттук коопсуздук кеңешинин жарыясы

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Президенттик комплексинде өткөрүлгөн Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйналышында маанилүү маселелер талкууланды.

621335
Улуттук коопсуздук кеңешинин жарыясы

Улуттук коопсуздук кеңеши жикчил террор уюму ПКК/ПЙД-ЙПГга мүчө террористтердин Сирияда террордук коридор түзүү максаттарына жетүүсүнө уруксат берилбей турганын жарыялады.

Улуттук коопсуздук кеңеши, айрыкча эл аралык коомчулукка Халебде (Алеппо) уланган адамзат трагедиясын токтотуу темасында ар түрдүү аракетти жумшоого чакырык таштады.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Президенттик комплексинде өткөрүлгөн жана орто эсеп менен 6 саатка созулган Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйналышынан кийинки жарыяда мамлекеттик тартиптин жана атуулдардын тынчтык жана коопсуздугунун камсыздалышы максаты менен жүргүзүлгөн иш-аракеттер менен улуттук коопсуздукка коркунуч туудурган башка абалдардын кеңири каралып чыкканы баса белгиленди.

Жарыяда ушул алкакта ПКК/ПЙД-ЙПГ, Фетуллахчы террор уюму/параллель мамлекеттик түзүмү (ФЕТӨ/ПДЙ) жана ДЕАШ террор уюмдары менен жапырт күрөшүүнүн чечкиндүүлүк менен жүргүзүлүп, террордун өлкөнүн күн тартибинен чыгарылышы темасындагы күчтүү эрктин тастыкталганы баса белгиленип: «Айрым өлкөлөрдүн ПКК/ПЙД-ЙПГ жана ФЕТӨ/ПДЙ террор уюмдарына пайда келтирүүчү кош стандарттарды ишке ашыргандары, мүчө жана колдоочуларына кучак жайгандары, буларды билип туруп башкача түрдө аныктагандары баса белгиленип, бул өлкөлөр мамилелерин өзгөртүүгө чакырылды» деген маалымат берилди.

Евфрат калканы кыймылынын негизги максатынын, «чек ара коопсуздугунун камсыздалышы, Түркияга карай болуп жаткан кол салууларга бөгөт коюлушу, ДЕАШ жана башка террордук уюмдардын аймактан толугу менен тазаланышы» экенин дагы бир жолу белгиленген жарыяда, «Сириянын жеринин бүтүндүгү негиз кылынып алынуу менен тууган Сирия калкынын жана аймактагы атуулдарыбыздын коопсуздугу үчүн, ПКК/ПЙД-ЙПГ элементтеринин террор коридорун түзүү максаттарына жетүүсүнө уруксат берилбей турганы баса белгиленди» деген маалыматка орун берилди.

«Эл аралык коомчулукка, Халебде уланган адамзат трагедиясын соңуна чыгаруу темасында ар түрдүү демилгени көтөрүү чакырыгы ташталды. Режимдин ооруканалар менен катар жарандык жайларды бомбалоо менен ар түрдүү жаштагы бейкүнөө адамдардын өлүмүнө себепчи болгону, бул абалга эми бөгөт коюлушу үчүн дароо процесске өтүлүшү керек болгон «адамзат кылмышы» абалына айланганы белгиленди»,-деп айтылды.

Иракта ПКК жана ДЕАШ террор уюмдарына каршы Түркиянын өзүн коргоо укугу баса белгиленген жарыяда, Мосул жана Телаферден баштап аймактын демографиялык түзүлүшүнүн сакталышы керектиги да айтылды.

Жарыяда, Кипрде сүйлөшүү процессинде болгон акыркы абалдардын аралдын коопсуздугун негиз кылып алгыдай түрдө жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын укук жана кызыкчылыктарынын корголушунун алкагында талкууланганына орун берилип, Кипрдеги эки жактуу, эки коомчулуктуу жана тараптардын саясий теңдигине негизделген түрдө жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөргө конструктивдүү колдоо көрсөтүү баса белгиленди.



Тектеш кабарлар