Израиль дайындаган элчи Анкарага келди

Израилдин Анкара элчиси Эйтан Наех кызматын баштоо үчүн борбор шаар Анкарада

621618
Израиль дайындаган элчи Анкарага келди

Израилдин Анкара элчиси Эйтан Наех кызматын баштоо үчүн борбор шаар Анкарада. Наех элчи катары Түркияга келгенине бактылуу экендигин айтты.

2010 -  жылы «Мави Мармара» жардам кемесин бутага алган кол салуу Түркия - Израиль дипломатиялык карым – катнаштарынын деңгээлин түшүрдү.

Израилдин кол салуудан улам кечирим суроосу жана компенсация төлөөнү кабыл алышынан кийин карым – катнаштар кайрадан калыбына келүү жолуна кирди. 6 жылдан кийин Түркия да Израиль да элчилерин дайындашты. Израилдин Анкарадагы жаңы элчиси болуп дайындалган Эйтан Наех да ушунун негизинде Анкарага келди. Наех кызматын баштоону күтүп жаткандыгын айтты.

Наех Израилдеги токой өрттөрүнүн өчүрүлүшү үчүн Түркиянын өрт өчүрүү учактарын жиберүүсүнөн ыраазы болушкандарын да айтты.  



Тектеш кабарлар