Президент балыкчылар менен жолукту

Эрдоган Стамбулда балыкчылар менен балык уулаганы чыкты.

618631
Президент балыкчылар менен жолукту

Президент Режеп Таййип Эрдоган Стамбулда балыкчылар менен балык уулаганы чыкты.

Балык уулоодон кийин өзү түшкөн яхта менен жээкке жанашкан президент Эрдоган, бул жерде атуулдардын урмат-сый менен тосуп алуусуна кездешти.

Атуулдар менен бир саамга баарлашып сүрөткө түшкөн президент Эрдоган, андан соң журналисттердин суроолоруна жооп берип, Тарабия булуңунда балыкчылар менен жолукканын айтты.

Эрдоган: «Биз да бул жердеги коңшуларыбыз, өзгөчө Гарипче балыкчылары менен бир жерде туугандык болгонунан алар менен жолугалы дедик. Чындыгында бир жумадан бери аркы өйүздөгү булуңда болчу алар. Бүгүн Тарабияга келишти. Алар менен бирге ошол толкунданууну бөлүшүүнү кааладык. Ошол толкунданууну бөлүштүк жана аларга бул жаатта ийгилик кааладык»,-деди.

Абдан жакшы, жемиштүү, пайдалуу иштер жасалып жатканын айткан Эрдоган, балыкчылардын айрым суроолорун да өкмөткө жеткире тургандарын маалымдады.

Эрдоган бир журналисттин суроосу боюнча балык уулоо ийгиликтүү өткөнүн айтты.



Тектеш кабарлар