Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынына карай
Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйналышында башкы 6 тема каралат.
Улуттук коопсуздук кеңеши жылдын акыркы кезектеги жыйналышын 30-ноябрда өткөрөт.
Жыйналыш, президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Президенттик комплексинде болот.
6 маанилүү тема алдыңкы планга чыккан жыйналышта;
-Фетуллахчы террор уюму менен күрөшүүдө келип жеткен акыркы абал жана коопсуздук мекемелериндеги кызматкер абалы,
-Жикчил террор уюму ПККга карай операциялар жана убактылуу кызматка дайындоолордун чыгымы,
-Сирия жана Ирактагы абалдар менен «Евфрат калканы» кыймылы,
-Европа Биримдигинин мамилеси жана мүчөлүк процессине байланыштуу абалдар,
-Кипрда жыйынтыкталбай калган сүйлөшүү процессинин негизинде стратегиянын белгилениши темалары каралып сүйлөшүлөт жана үстүбүздөгү жылдын акыркы жыйналышы болушунун себебинен жалпы баа берилет.