Тышкы иштер министрлиги Ирактагы кол салууну айыптады
Кол салууда 100гө жакын киши каза болгон
Түркия Ирактын борбор шаары Багдаттын түштүгүндөгү Кербелада эскерүү аземинен кайткандарды бутага алган жана 100гө жакын кишинин каза болушуна себеп болгон террордук кол салууну айыптады.
Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта : «Багдаттын түштүгүндө Хилле шаарынын жакындарында Кербеладан кайткан шиит ажыларды бутага алган жана көп сандаган кишинин каза болушуна жана жараланышына себеп болгон террордук кол салууну катуу айыптайбыз»,- деп белгиленди.
Маалыматта кол салууда каза болгондордун жакындарына көңүл айтылып, жаралуулардын бат айыгып кетиши белгиленип : «Түркия дин, секта жана этникалык текке карабастан аймагыбызды коркуткан террордук уюмдар жана террористтер менен күрөшүүдө Ирак өкмөтү менен кызматташтык ичинде болууну улантат»,- деп айтылды.
Тектеш кабарлар
Йылмаз «Өнүгүү жолу долбоору» тууралуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады
Йылмаз: «Түркия бул долбоор менен стратегиялык абалын дагы да арттырат»,-деди.