Беньямин Нетаньяху Түркияга рахмат айтты

Түркия Израилде чыккан өрттөрдү өчүрүү үчүн өрт өчүргүч учак жиберди

617665
Беньямин Нетаньяху Түркияга рахмат айтты

 Израилдин премьер – министри Беньямин Нетаньяху өлкөнүн бир топ жеринде эки күндөн бери болуп жаткан өрттөрдү өчүрүү иштерине  өрт өчүргүч учак жиберген Түркияга рахмат айтты.

Премьер – министрликтин катчысы Офир Гендельман твиттерден берген маалыматында Түркиянын жалпы Израилде чыккан өрттөрдү өчүрүү иштерине салым кошуу үчүн өрт өчүргүч учак жиберүүнү сунуш кылгандыгын, өздөрүнүн да муну кабыл алышкандарын белгиледи. Гендельман Нетаньяхунун Түркияга рахмат айткандыгын да билдирди.

Түркия менен бирге Греция, Хорватия, Италия жана Орусиянын да Израилге колдоо берген өлкөлөр арасында экендигин белгилеген Гендельман бул өлкөлөрдөн жалпы 10 даана өрт өчүрүүчү учактын келерин айтты.

Израиль полициясынын катчысы Микки Росенфельд Анадолу агенттигинин кабарчысына берген маалыматында өрттүн жакындашуусу менен Хайфанын сегиз мааласындагы миңдеген кишинин аймактан чыгарылгандыгын айтты.

Шейшемби күнү Израилде Иерусалим башта болуп 13 жерде чыккан өрт шамалдын да таасири менен жайылган. Өрттөрдүн чыгыш себеби билинбестен, Израиль басма сөзүндөгү кээ бир кабарларда «өрт коюу» шектенүүсүнүн бар экендиги ортого салынууда.



Тектеш кабарлар