Нечирван Барзани Түркияда

Нечирван Барзани Эрдоган менен Стамбулда жолугушту

616123
Нечирван Барзани Түркияда

Ирак Күрт Аймактык башкаруусунун премьер – министри Нечирван Барзани жогорку деңгээлде жолугушууларды өткөрүү үчүн Түркияга келди. Барзани Анкарада баштаган жолугушууларын Стамбулда улантты жана президент Эрдоган тарабынан кабыл алынды.

Президент Эрдоган Нечирван Барзанини Мабейн сарайында тосуп алды. Жолугушуу 45 минутага созулду.

Нечирван Барзани Түркия жолугушууларын эрте менен Анкарада баштады. Премьер – министр Бинали Йылдырым менен жолугушуусу 1 саат 15 минутага созулду. Жолугушууда Мусул операциясы менен Ирактагы абалдар каралды.

Жолугушууда Түркия менен Ирак Күрт Аймактык башкаруусунун ортосундагы кызматташтык темалары да күн тартибинен орун алып, аймактык маселелер тууралуу пикир алышууларда болушту.

ДЕАШ, ПКК жана башка террордук уюмдар менен күрөшүүдө кызматташтыктын улантылышы тууралуу макулдашышкандары билдирилди. Барзани тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен да жолугушту. 45 минутага созулган жолугушууда эки тараптуу жана аймактык темалар менен акыркы абалдар каралды.



Тектеш кабарлар