15-июль төңкөрүш аракети болгон түндө медиа маанилүү ролду ойноду

ТРТ тарабынан уюштурулган 4-Эл аралык Медиа билим берүүсү программасы Антальянын Белек туризм аймагында башталды.ТРТнын башкы директору Шенол Гөка ачылышында сөз сүйлөдү.

615592
15-июль төңкөрүш аракети болгон түндө медиа маанилүү ролду ойноду
hasan hüseyin çakır.jpg
tijen karaş.jpg

ТРТнын башкы директору Шенол Гөка, Фетуллахчы террор уюму/параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июль төңкөрүш аракети болгон түндө медианын жогорку ролду ойногонун белгилеп, Түркиядагы медианын толук түшүнүк менен медиа деген эмне экенин көрсөткөнүн айтты.

ТРТ тарабынан уюштурулган 4-Эл аралык Медиа билим берүүсү программасы Антальянын Белек туризм аймагында башталды.

Программанын алгачкы отурумунда 15-июль төңкөрүш аракети болгон түндө Түркияда болгондорго байланыштуу 44 өлкөдөн келген медиа өкүлдөрүнө маалымат берген ТРТнын башкы директору Гөка, 15-июлдун түнүндө мындайча айтканда тирешүү болгонун, алынган учактардын, тик учарлардын, танкалардын бир топ чыккынчылар тарабынан улутка каршы колдонулганын, бирок улут жанын аябай чоң баатырдык үлгүсүн көрсөткөнүн айтты.

Улутту өзүнүн улуту катары санабаган, мекенди өзүнүн мекениндей көрбөгөн бир канча  кишинин козголоң чыгарганын айткан Гөка: «Анткени мекен жана улут сезимине ээ болгон адамдар булардын баарын кылмак эмес, мекендешине курал кеземек эмес, мынчалык аесуз болмок эмес»,-деди.

Козголоң кылган кишилердин ассимиляция болгон кишилер экенин баса белгилеген Гөка, булардын кандайдыр бир өлкө, маданият, дин айырмачылыгын кылбастан максаттарына жете ала турган кишилер менен диалогдорун өнүктүргөндөрүн жана эң акырында төңкөрүш аракетин кылгандарын айтты.

Гөка: «Булар бара-бара мекенсиздештирилди жана улутсуздаштырылды. Булар бир жерге таандык болбогондуктары үчүн дүйнө жүзүндөгү ким болбосун каршы тура ала турган рух түзүлүшүнө ээ»,-деди.

Төңкөрүш аракети болгон убакта бүтүндөй улут бириккенин, жандарын аябастан тик учарлардын, учактардын, танкалардын каршысына чыккандарын түшүндүргөн Гөка, төңкөрүш аракети болгон түнү медианын да абдан маанилүү роль ойногонун баса белгиледи.

Төңкөрүш аракетинин билдирүүсү кыйнап окутулган ТРТнын алып баруучусу Тижен Караш да, отурумда 15-июлдун түнүндө башынан өткөргөндөрүн түшүндүрдү.

Караш ошол түндө өзү жана эфирдеги кесиптештери менен кошо чоң травмага дуушар болгондорун,  акыркы 1-1,5 айдан бери психологиялык колдоо алып жатканын айтты.

15-июль түнү ТРТнын алдына келген жана жаракат алган Хүсейин Чакыр да башынан өткөргөндөрүн чет элдик журналисттер менен бөлүштү.

Чакыр: «Телеканалдагы окуяларды көргөн сайын башкача сезимге кабыламын. Жубайым Анкаранын тышында болчу, телефон аркылуу сүйлөштүм жана мекенди коргош үчүн колуман келгенин кыла турганымды айттым. Үйүмө эң жакын мекеме болгон ТРТга бир коңшумдун унаасы менен бардык. Чыккынчылар бизге ок атышты, кубалаганга аракет кылышты, бирок биз качпадык. Көкүрөгүмдүн астына ок тийди. Колума бомбанын чачырандысы тийди, кыйналуудамын бирок мекеним аман болсун!»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар