АКШнын мамилелери капага салды

Эрдоган АКШнын CBS каналында чыккан «60 мүнөт» программасында Жакынкы Чыгыштагы абалдар, ФЕТӨнүн корбашчысынын экстрадиция кылынуу процесси жана Түркия-АКШ карым-катнаштары тууралуу маалыматтарды берди.

614865
АКШнын мамилелери капага салды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Америка Кошмо Штаттарынын Сирия жана Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) корбашчысын кайтарып берүү темаларындагы саясаттарынын себебинен көңүлү калганын айтты.

Эрдоган АКШнын CBS каналында чыккан «60 мүнөт» программасында Жакынкы Чыгыштагы абалдар, ФЕТӨнүн корбашчысынын экстрадиция кылынуу процесси жана Түркия-АКШ карым-катнаштары тууралуу маалыматтарды берди.

АКШнын Сирия саясатынын себебинен капа болгону эске салынганы боюнча президент Эрдоган, бул темаларды президент Барак Обама жана жардамчысы Жо Байден менен сүйлөшкөндөрүн, бирок АКШ бийлигинин бул маселелерди олуттуу түрдө кароодо ийгиликсиз болгонун, бул болсо өзүн капа кылганын айтты.

Программада түрк калкынын да өзгөчө 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин АКШга катуу ыза болгонун жана өлкөдө Америкага каршы чыгуу күчөгөнүн баса белгиледи.

Төңкөрүш аракети убагында Эрдогандын үй-бүлөсү менен эс алууда болгону белгиленген программада «Өзүңүз жана үй-бүлөңүз үчүн корктуңузбу?» деген суроого Эрдоган: «Биздин ишеничибизде бир нерсе бар, биз берилгенбиз, биз өлүмгө ишенген кишилербиз, бирок ушундай окуяда эгер сиз лидерлик кылсаңыз, барынан мурда элиңизге өлүмсүздүктүн маалыматын беришиңиз керек, анткени буга ишенчүмүн, лидер бир таштын артына жашырынса, эл тоонун артына жашынат»,-деген жооптуу берди.

Программада Эрдогандын, «Мындан мурда Түркиянын АКШга кылмышкерлерди тапшырганы, Түркиянын да ошондой эле нерсени АКШдан күткөнүнө» байланыштуу сөздөрүнө да орун берилди.

Алып баруучунун, «АКШнын төңкөрүш аракетине байланыштуу кийлигишүүсү болгонун ойлойсузбу?» деген суроого Эрдоган: «Улут буга ушундай сереп салууда. Бул адам сизде эмне турат? Сен муну ал жерде сактаган сайын Түркиянын жана түрк улутунун көз карашы өзгөрбөйт»,-деди.

Президент Эрдоган программада АКШ менен террор уюму ЙПГга курал жардамы темасында болуп жаткан келишпестикке да токтолуп: «ДЕАШ менен согушуп жатат деп башка бир террор уюмун жактай албайсың. Террор уюмдарынын арасында «жакшы-жаман» деп айырмачылык кыла албайсың, бирок бул темада АКШ менен келише албайт элек», деген сөздөрдү айтты.

Түркия-Орусия жакындашуусу менен Түркия-НАТО карым-катнаштарынын кандай боло турганы суроосуна жооп берген Эрдоган: «Учурда биз карым-катнаштарыбызды НАТОнун курулуш келишиминдеги беренелер кандай болсо ошол багытта жүргүзүүдөбүз жана НАТО да ошол эле багытта буларды жүргүзүүдө»,-деди.

Программанын акырында жаңы АКШ башкаруучулугу менен Түркиянын карым-катнаштарынын башкача болоору баса белгиленип, жаңы президент Дональд Трамптын командасынын Түркияны маанилүү шериктеш катары мүнөздөгөнү жана ФЕТӨнүн корбашчысынын кайтарылышы керектиги айтылганы эске салынды.



Тектеш кабарлар