Тышкы иштер министри Жон Керри менен сүйлөштү

Сүйлөшүүдө Сирияга байланыштуу актуалдуу абалдар тууралуу пикир алышууларда болушту

613873
Тышкы иштер министри Жон Керри менен сүйлөштү

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу АКШнын мамлекет качысы Жон Керри менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматтарга караганда сүйлөшүүдө Сириянын түндүгүндө Ефрат дарыясынын үстүндө орун алган Ракка шаарына карата жүргүзүлгөн операция жана террордук уюмдар менен күрөшүү башта болуу менен Сирияга байланыштуу актуалдуу абалдар тууралуу пикир алышууларда болушту.

Сүйлөшүүдө айрыкча Ирактын Мусул операциясынын негизинде абалдар каралды.

Мусулдун террордук уюм ДЕАШтан тазаланышы үчүн Ирак армиясынын бөлүктөрү, пешмерге күчтөрү жана көпчүлүгүн Башика лагеринде түрк аскерлери машыктырган Нинова маджахиттери 17 – октябрда операция баштаган болчу.



Тектеш кабарлар