Батыш учурда ДЕАШка колдоо көрсөтүп жатат

Булардын бардыгы Ислам дүйнөсүнө каршы жасалууда

612733
Батыш учурда ДЕАШка колдоо көрсөтүп жатат

Президент Режеп Тайип Эрдоган, Ислам дини менен эч тиешеси болбогон террордук уюм ДЕАШка учурда Батыш дүйнөсүнүн колдоо көрсөтүп жатканын айтты.

Эрдоган: «Кармалган курал-жарактардын батышка таандык экенин көрдүк. Булардын бардыгы Ислам дүйнөсүнө каршы жасалууда»,-деди.

Расмий иш сапары менен Пакистанга барган Түркиянын президенти, Пакистандын парламентиндеги сөз сүйлөөсүндө ДЕАШка каршы күрөшүүдөгү кыйынчылыктарды түшүндүрдү.

Бул уюмдун Исламга тийгизген залакасын баса белгилеген Эрдоган: «Батыш учурда ДЕАШка колдоо көрсөтүп жатат. Кармалган курал-жарактардын батышка таандык экенин көрдүк. Булардын бардыгы Ислам дүйнөсүнө каршы жасалууда: Сирия, Ирак, Ливия, Ооганстан. Андан соң Ооганстан менен Пакистан кайраштырылды. Пакистан террордон өзүн куткара алдыбы? Куткара алган жок. Түркия? Куткара алган жок. Бул канкорлордун тобун тез арада Ислам дүйнөсүнөн жок кылышыбыз керек. Антпесек тынчтык орнобойт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар