Президент Эрдоган Пакистан менен Өзбекстанга расмий сапар менен барат
Эрдоган Пакистан сапарында президент Мемнун Хүсейин жана премьер – министр Наваз Шериф менен жолугушат
Президент Р. Т. Эрдоган 16 – 17 - ноябрь күндөрү Пакистанда, 17 – 18 - ноябрь күндөрү Өзбекстанда жолугушууларды өткөрөт. Президенттиктин басма сөз борборунан берилген маалыматка караганда Эрдоган Пакистан сапарында президент Мемнун Хүсейин жана премьер – министр Наваз Шериф менен жолугушат, Улуттук парламент жана сенаттын биргелешкен отурумуна кайрылат.
Түркия жана Пакистандан жогорку деңгээлдеги фирмалардын башкаруучулары менен өткөрүлө турган жыйынга премьер – министр Шериф менен катыша турган президент Эрдоган Исламабаддан кийин Лахорго да барат. Президент Эрдоган 17 – 18 - ноябрда болсо Өзбекстандын Самарканд шаарына барат. Өзбекстандын аткаруучу президенти, премьер – министр Шевкет Мирзаев менен жолугуша турган президент Р. Т. Эрдогандын түрк – өзбек карым – катнаштары менен бирге аймактык жана эл аралык абалдар тууралуу да пикир алышууларда болушу күтүлүүдө.
Президент Эрдогандын эки өлкөгө жасай турган сапарынын карым – катнаштардын жана кызматташтыктын дагы да өнүктүрүлүп, күчтөндүрүлүшү багытында маанилүү мүмкүнчүлүк болору белгиленди.