15 - июль фотография сыйлыктары
«15 – июль фотография конкурсу» Күчүкчекеже муниципалитети тарабынан өткөрүлдү
Фетуллахчы террордук уюмдун 15 – июлдагы козголоң кыймылында болгондор фотографияларга чагылдырылды. Козголоң кыймылына байланыштуу Стамбулда өткөрүлгөн конкурста сыйлыктар ээлерине тапшырылды.
«15 – июль фотография конкурсу» Күчүкчекеже муниципалитети тарабынан өткөрүлдү. Конкурска 694 фотограф 1983 чыгарма менен катышты.
Сыйлыктар Күчүкчекмеже муниципалдык башкаруусунун төрагасы Темел Карадениз тарабынан берилди.
Мындай иш чаралардын улантыларын баса белгилеген Темел Карадениз 15 - июль күнү түнү болгон окуяларды унутпоо жана унуттурбоо сыяктуу жоопкерчилик менен кыймыл кылышкандарын айтты.
Конкурста биринчиликти Седат Суна, экинчиликти Серап Коркмаз, үчүнчүлүктү Назлы Кылычтын тарткан фотографиялары ылайык көрүлдү. 50 фотография болсо коргозмөгө коюлуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.
Тектеш кабарлар
Вице-президент Йылмаз Өзбекстанда
Вице-президент Йылмаз жолугушууга байланыштуу билдирүүсүндө төмөнкүлөргө токтолду.