Президент Р. Т. Эрдоган Белоруска кетти
Президент Р. Т. Эрдоганды аэропортто Анкара губернатору Эржан Топажа, мэр Мелих Гөкчек, облустук коопсуздук директору Махмут Караслан жана башка жетекчилер узатышты
Президент Эрдоган атайын «ТУР» учагы менен саат 08:20да Белорустун борбор шаары Минскке кетти.
Президент Р. Т. Эрдоганды аэропортто Анкара губернатору Эржан Топажа, мэр Мелих Гөкчек, облустук коопсуздук директору Махмут Караслан жана башка жетекчилер узатышты.
Президент Эрдоган менен вице – премьер Нуман Куртулмуш, тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу, экономика министри Нихат Зейбекчи, бажы жана соода министри Бүлент Түфенкчи да Белоруска кетишти.
Эрдоган Минскте Белорустун президенти Александр Лукашенконун жетекчилигинде өткөрүлө турган сүйлөшүүлөрдө актуалдуу жана аймактык маселелерге токтолот. Сүйлөшүүлөрдө эки өлкөнүн карым – катнаштарынын тереңдетилишине карата кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүнүн күн тартибине алып келиниши, кээ бир келишим жана токтомдорго кол коюлушу күтүлүүдө.
Президент Эрдоган Белорустагы жолугушууларында Түрк – Белорусь иш форумунда катышуучуларга кайрылат жана Түркия дин иштери фонду тарабынан курдуртулган Минск мечитинин ачылышына катышат.
Тектеш кабарлар
Ирактын түндүгүндө 2 террорист жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.