15-Июль ФЕТӨнүн чыныгы жүзүн көрбөй жаткандар үчүн акыркы эскертүү болду

Президент Эрдоган Анкаранын соода-өнөр жай палатасынын конгрессиум залында Соодагер жана кол өнөрчүлөрдүн 5-кеңешүү жыйналышында сөз сүйлөдү.

606968
15-Июль ФЕТӨнүн чыныгы жүзүн көрбөй жаткандар үчүн акыркы эскертүү болду

Президент Режеп Таййип Эрдоган аркасын бир жерге таяндыргандардын мунун чыгымын төлөшүн уланта тургандарын айтты.

Анкаранын соода-өнөр жай палатасынын конгрессиум залында Соодагер жана кол өнөрчүлөрдүн 5-кеңешүү жыйналышында сөз сүйлөгөн президент Эрдоган: «Биздин Түркия Республикасы мамлекетинен башка мамлекетибиз жок. Эч ким башка бир ойго кирбесин. Башка эсепти кылгандар мунун чыгымын төлөшөт жана төлөп жатышат. Аркасын бир жерге таяп алгандар мунун чыгымын төлөп жатышат. Биз аркабызды кудайга жана элге таяйбыз, айырмабыз ушул»,-деди.

Сөзүндө Фетуллахчы террор уюмуна (ФЕТӨ) да токтолгон Эрдоган: «Бул төңкөрүш ишке ашып калса, ФЕТӨ эмне кылат эле? Жалгыз гана өзүнө баш ийгиндерге жашоо укугун берген бул уюмдун, караңгы жүзүн түшүнүш үчүн дагы канча тажрыйбага ээ болушубуз керек? ФЕТӨнүн «химмет» деп аталган система менен соодагер жана кол өнөрчүлөрүбүздү кудум эле салык чогултууга байлаган, материалдык кысым кылган, ошондой эле рухий коркутууну да колдонгон түшүнүгү, ахлакка да Исламга да жатпайт. Биздин цивилизациябызда, маданиятыбызда, мындай түзүлүшкө эч качан орун берилбейт»,-деп айтты.

15-июлдун ФЕТӨнүн чыныгы жүзүн көрбөй жаткандар үчүн акыркы эскертүү болгонун, буга карабастан дагы эле уюмдун ичинде калуусун уланткан бар болсо, ишеничине, өлкөсүнө, улутуна каршы ачык чыккынчылык кылгандарын белгилеген Президент, ошондой эле абалдын жикчил террор уюму ПКК үчүн да жарактуу экенин айтты.

ПККнын жана жарандык уландыларынын, Парламенттин ичиндеги уландыларынын Түркиянын жолун торош үчүн инструмент, тузак катары колдонулганынын аттын кашкасындай ачык экенин айткан Эрдоган: «Өлкөсүн жана улутун сүйгөн ар кимдин ушул орчундуу мезгилде бардык мүмкүнчүлүктөрү жана күчү менен мамлекетин колдоп чыгышы, ишенич, секта жана текти бузгандарга жол бербөөсү шарт. Батыштык журналисттер, министрлер, ж.б. менен Түркияга каршы чыгууда. Андай болсо мен жетектеген партиям жабылган убукта сиз кайда элеңиз?»,-деди.



Тектеш кабарлар