ФЕТӨ дүйнө жүзүнө коркунуч туудурууда

Бинали Йылдырым Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) глобалдык коркунуч туудурганын баса белгиледи.

602769
ФЕТӨ дүйнө жүзүнө коркунуч туудурууда

Премьер-министр Бинали Йылдырым Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) глобалдык коркунуч туудурганын баса белгиледи.

Стамбулда Түркия-Африка экономика жана ишкерлер форумунун гала тамагында Африка өлкөлөрүнөн келген өкүлдөргө кайрылган Йылдырым, бул өлкөлөрдү ФЕТӨ темасында дагы бир жолу эскертти жана керектүү чараларды көрүүгө чакырды.

Өкмөт башчы Йылдырым өз сөзүндө Фетуллахчы террор уюму/параллел мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлда болгон төңкөрүш аракетине да токтолуп, анын киришүүсүнүн эч бир өлкөнүн террордон аруу болбогонун көрсөткөнүн белгиледи. Йылдырым бул төңкөрүш аракети менен террордун чек билбеген табиятына дагы бир жолу күбө болгондорун айтты. 15-июлда болгондорго байланыштуу даректүү тасма көрсөтүлгөнүн эске салган Йылдырым: «Балким Түркияга келбестен окуяларга тышкарыдан караганыңызда башкача ойлошуңуз мүмкүн, бирок төңкөрүштөн кийин өткөн мөөнөттүн ичинде бизге келгендер, бардык достор уккандары менен көргөндөрүн салыштырышып иштин кандай түшүндүрүлгөнүн, чындык кандай болгону темасында абдан так маалыматтар менен өлкөлөрүнө кайтышты»,-деди.

Бул террор уюмунун кылгандарынын жалгыз эле Түркия менен чектелүү болгонун ойлоонун чоң жаңылыштык болоорун баса белгилеген өкмөт башчы Йылдырым, 160 чакты өлкөдө ишин жүргүзгөн бул глобалдык террор уюмунун, келечекте Африка өлкөлөрү үчүн да полтенциалдуу коркунуч боло турганынын эч качан унутулбашы керектигин жана тийиштүү чараларындын убагында көрүлүп, ушундай балекетке туш болбоону сунуштады.

Бул террор уюмунун курамында орун алган билим берүү, жардам, иш коомдору кейпин кийип ишин жүргүзгөн мекемелердин Африка өлкөлөрүндө да ишин жүргүзгөнүн белгилеген Йылдырым, бул террор уюмунун материктеги иш-чарасына уруксат берилбеши үчүн тийиштүү чаранын көрүлүшү керектигин баса белгиледи.

Премьер-министр Бинали Йылдырым өз сөзүндө Түркия-Африка карым-катнаштарынын Батыш дүйнөсүнүн өнүккөн өлкөлөрдүн Африка менен болгон мамилелеринен абдан башкача экенин белгилеп өттү.

Түркия-Африка карым-катнаштарында өзгөчө аба транспорту менен башталган тарнспорт жеңилдигинин, соода-сатык карым-катнаштарына чагылышканын белгилеген Йылдырым, 10 жыл мурда Түркиянын Африка менен соода көлөмүнүн 6-7 миллиард доллар менен чектелүү болуп турганда учурда 18 миллиард долларга жеткенин айтты.

Түрк курулушчуларынын Африка материгиндеги түздөн-түз инвестиция көлөмдөрүнүн 60 миллиард доллардан ашканынын маанисине токтолгон Йылдырым, дүйнөдө 104 өлкөдө 300 миллиард долардан жогору иш көлөмүнө жетишкен түрк курулушчулук секторунун, дүйнөнүн эң чоң 250 эл аралык курулуш фирмасы орун алган тизмеде 43 фирмасы менен орун алганын да баса белгиледи.



Тектеш кабарлар