Сыноодон өтпөй калгандар Түркияга сабак бере албайт

Эрдоган Стамбулда өткөрүлгөн Түркия-Африка экономика жана ишкердик форумунун ачылыш отурумунда сөз сүйлөдү.

602427
Сыноодон өтпөй калгандар Түркияга сабак бере албайт
türkiye-afrika ekonomi ve iş forumu.jpg
türkiye-afrika ekonomi ve iş forumu.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган Сирия жана качкындар маселеси сыяктуу эң негизги адам укуктары темаларында сыноодон өтпөй калгандардын Түркияга сабак бере албай тургандарын айтты.

Эрдоган Стамбулда өткөрүлгөн Түркия-Африка экономика жана ишкердик форумунун ачылыш отурумунда сөз сүйлөдү.

Сириядагы жарандык согуш жана качкындар темаларында батыш дүйнөсүнүн кош стандарттарына көңүл бурган Эрдоган: «Африка өлкөлөрүндө жана Жакынкы Чыгышта кагылышууларды күүлөп, бул кагылышуулардан пайда таап чыгуунун эсебин кылдыңар жана да сиздин саясаттарыңыздын азабын тарткан жабыркоочуларга каалгаларыңызды жаап таштадыңыз. Учурда батыштын кылгандары бул эмеспи?»,-деди.

Батыш дүйнөсүнүн Африка саясаттарына да каршы чыккан Эрдоган: «Бир тараптан экономикалык кызыкчылыктар менен бир топ Африка өлкөсүндө жакырдыкты өнөкөткө айландырып, экинчи тараптан жакырдык жана кагылышуулардан качкан карапайым калктын Жер Ортолук деңизде, Эгейде чөгүп жатышына үн катпай карап турасыңар. Андан кийин Айлан бөбөктүн сүрөтүн алып журналдарыңардын тышкы бетине эксплуатация инструментиңиз катары колдонуудан да тартынбайсыңар»,-деп айтты.

Африкалыктардын дагы кудум эле түрк туугандары сыяктуу эркиндиктерине камкордук же ырайым менен эмес, беделин төлөп, кан, жанын аябай , болгон күчүн жумшап жеткендерин айткан Эрдоган: «Жеңиштерибизден эч качан баш тартпайбыз. Албетте салым кошууларга, сунуштарга, конструктивдүү сындарга жана ал эмес эң оор сындоолорго да ачыкпыз. Ачык болууга аргасызбыз, бирок бизге сөөмөйүн кезеп үстөмдүк тил менен,кыйынсынып багыт көрсөтүшүн кабыл ала албайбыз»,-деди.

Эрдоган Фетуллахчы террор уюму/параллель мамлекеттик түзүмүнүн  (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракети тууралуу болсо, бул түзүлүштүн көп жылдар бою легалдуу көрүнүштөгү мекемелердин астында уюмдашып, билим берүүчү-үйрөтүүчү сыяктанып, диалог сыяктуу терминдерди жамынып алып мамлекеттин ичине киргенин белгилеп кетти.

ФЕТӨнүн 15-июль түнү армиянын ичиндеги террористтери аркылуу кандуу төңкөрүш аракетин кылганын түшүндүргөн Эрдоган: «Бул уюм эң кеңири тараган материктерден бирөө Африка материги. Африка материги өлкөлөрүнүн, бул уюмга карата абдан этият жана абдан кылдат болушу зарыл. Эртеңки күнү өлкөңүздөрдө мамлекеттик органдарга кирип кеткенде абдан кеч болуп калды дейсиздер. Бул башыбыздан өткөргөндөрүбүз үчүн сиз туугандарыбызды эскертебиз, «убакыт өткөрбөгүлө» дейбиз»,-деди.

Президент Эрдоган: «Муну ачык жана так айткым келет. Диний терминдерди колдонуп, жаш муундарды азгырган, аларды роботтоштурган бул уюм, жалгыз эле бизге эмес, кайсы өлкөдө бар болсо ошол өлкөлөрдүн бардыгына чоң коркунуч болуп эсептелет",-деп айтты.

 



Тектеш кабарлар