Республиканын түзүлгөнүнүн 93 жылдыгына карата билдирүүлөр

Президент Эрдоган, Парламент төрагасы Кахраман жана өкмөт башчысы Йылдырымдын жарыялары.

599404
Республиканын түзүлгөнүнүн 93 жылдыгына карата билдирүүлөр

Президент Режеп Таййип Эрдоган 29-Октябрь Республика майрамынын 93-жылдыгына карата өз билдирүүсүн жарыялап, улуттун 15-июлдагы төңкөрүш аракетине каршы турушун мактады.

Эрдоган: «Бүгүн Түркия, 15-июль таңына салыштырмалуу дагы күчтүү, дагы аракетчил, дагы чечкиндүү өлкө»,-деди.

29-Октябрь Республика майрамынын 93-жылдыгына карата өз билдирүүсүн жазуу түрүндө жарыялаган президент Эрдоган, бул улуу мамлекеттин жана баатыр улуттун Презирденти болгону үчүн сыймыктанганын баса белгиледи.

«Бүгүн, ардагер Мустафа Кемалдын жол башчылыгында жарыя кылынган, акыркы мамлекетибиз Түркия Республикасынын курулганынын 93 жылдык мааракеси»,-деп баштаган билдирүүсүндө туткундукка жана мажбурлоолорго моюн сунбаган түрк улутунун, эркиндигине жана келечегине кастык кылган баскынчыларга каршы баштаткан Боштондук согушун, тарыхта окшошу көрүнбөгөн баатырдыктар, жеңиштер менен туу чокуга жеткиргенин белгиледи.

Бул чоң жеңиштин артынан 1923-жылы 29-октябрда «Эгемендик эч катоосуз, шартсыз элдики» принциби жана өлкөнү өнүккөн цивилизациялар деңгээлинин үстүнө чыгаруу максаты менен Түркия Республикасынын курулганын айткан Эрдоган, сөздөрүн мындай улантты: «Республикабызды, 2200 жылдык мамлекет салты менен жашаган аймагыбыздагы миң жылдык Селжук жана Осмон мурасынын, ал күндүн зор шарттарында жетишилген жеңиши катары көрүүдөбүз. Түркия Республикасы, 93 жылдан бери туш болгон кыйынчылыктарын жеңип чыгып жолун улантты, өзгөчө акыркы мезгилдеги кадамдар аркылуу, бүгүн дүйнөнүн жогорулаган күчтөрүнүн арасында орун алууда ийгиликке жетишкен мамлекет болуп саналат. Өсүп бараткан экономикасы, күчтүү демократиясы, адамзаттын башкы баалуулуктарына болгон байланышы, принциптүү жана көз карашка ээ болгон тышкы дипломатиясы менен Түркия, аймагында жана дүйнөдө илхом булгаы болушун учурубузда да улантууда».

Дүйнө жүзүнүн кайсы жеринде болсо болсун бардык атуулдардын жана Түркиянын досторунун да бул улуттун 15-июлда жазган дастаны менен сыймыктанганына ишенгенин белгилеген Эрдоган, төңкөрүш аракети, террордук кол салуу жана басып алуу киришүүсү болгон ушундай чоң алааматтан ашылып өтүлүшүнөн кийин Республиканын 93-жылына жеткенин баса белгиледи.

Жарыясында биримдик жана ынтымакты баса белгилеген Эрдоган: «Биримдигимбизге, ынтымагыбызга, туугандыгыбызга, атуулдугубузга, эркиндигибизге, келечегибизге кастык кылган кол салуу ийгиликтүү болбойт»,-деди.

Түркиянын ар дайым болгонунан дагы күчтүү жана чечкиндүү болгонун эске алган Эрдоган: «Террор уюмдары да аларды колдонгондор да максатыбызга жетүүбүзгө тоскоол боло албайт»,-деди.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Исмаил Кахраман да Республиканын жарыясынын 93-жылдыгынын себебинен жарыялаган билдирүүсүндө, «1923-жылы 29-октябрда жарыяланган Республикабыздын 93-жылындабыз. Улутубузга куттуу болсун»,-деп жазды.

Премьер-министр Бинали Йылдырым да 29-Октябрь Республика майрамынын 93-жылдыгына карата өз билдирүүсүндө жаңы конституцияга токтолду.

Жаңы конституциянын Республиканын пайдубалдарын дагы да бекем, солкулдагыс кыла турганына көңүл бурган өкмөт башчы Йылдырым, укуктун үстөмдүгү принцибинен баш тартпаган, саясий система катары президенттик башкарууну жактырган, демократиялуу жана эркиндикчил жаңы конституция менен жол улантыла турганын айтты.



Тектеш кабарлар