15-июлдагы төңкөрүш аракетинин артында ФЕТӨнүн турганына эч шек жок

Калын «15-июль төңкөрүш аракети: жарандык коомдук колдошуу» аттуу симпозиумда сөз сүйлөдү.

598894
15-июлдагы төңкөрүш аракетинин артында  ФЕТӨнүн турганына эч шек жок

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, 15-июлдагы төңкөрүш аракетинин артында Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨнүн турганына эч бир шек саноо калбаганын айтты.

Калын Мармара университетинин теология факультетинде «проф.др.Рашит Күчүк» атындагы конференция залында өткөрүлгөн «15-июль төңкөрүш аракети: жарандык коомдук колдошуу» аттуу симпозиумда 15-июлдун түнүндө эмнелер болгонунун унутулбашы үчүн чогулуунун маанисине токтолду.

Ибрахим Калын, бул төңкөрүштү кылгандардын «Эмне үчүн адамдар көчөлөргө чыгышты» деп сурагандарын, «Биздин элибиз мынчалык эр жүрөк эмес», «Алар F16 учактарга эмне кыла тургандарын билишпейт», «Колунда куралы бар аскерди көргөндө элибиз үйлөрүнө кире качышат», деп айткандарын билдирди.

Бул төңкөрүштү токтоткондордун колдорунда эч нерсе болбогонун түшүндүргөн Калын: «Балким дүйнөдө башка бир өлкөдө, эркиндик жана демократия үчүн ушунчалык каршылык көрсөтүү дээрлик аз кездешет. Бул жерде чындыгында түрк жарандык коомдун канчалык күчтүү экенин көрө аласыз. Балким аябай фантастикалык ысымдарга ээ болбошу мүмкүн, бирок бул жерде эң маанилүүсү адамдардын ыймандуу болушу жана көчөгө чыга турган эр жүрөктүүлүгүнүн болушу. Айрымдары өз өмүрлөрүн желеги жана мекени үчүн аяган жок»,-деп айтты.

Ал түндүн андан башка караңгы жагы да бар экенин айткан Ибрахим Калын буларды кошумчалады: «Гүлен террорист уюму ушул төңкөрүш аракетин кылды. Өздөрү ушуну менен байкалды. (Ушундай топ, мамлекеттик мекемелерге кантип кире алат) жана (Аскердик төңкөрүштү кантип кыла алат?), бул суроолор суралышы мүмкүн. Ушул убакка дейре бул төңкөрүш аракетинде кармалгандардын түшүндүрмөлөрүнөн көрүнүп тургандай, анын бул төңкөрүш аракетинин артында экендигинен эч кандай шегибиз калган жок».

Калын ФЕТӨнүн 15-июлдан мурда, «Түркияда бир диктатор бар жана бул диктатордон аскердик төңкөрүш менен гана кутулса болот» деген түшүнүк жаратууга аракет кылынганын белгилеп кетти.

Буга окшогон абалдын Египетте Мухаммед Мурсиге каршы жасалганын белгилеген Калын: «Тынымсыз ушуну айтып жатышты. Ал түндөгү төңкөрүштүн эл тарабынан колдоого алынганындай көрсөтүүгө аракет кылышты. Албетте ушундай бир түндү баштан өткөргөн үчүн абдан капалуубуз, болбой эле койсо болмок, бирок ошол түн аркылуу алардын чыныгы жүзүн көргөн болдук»,-деди.

Бүгүн 15-июлдан дагы күчтүү Түркиянын бар экенин баса белгилеген Ибрахим Калын сөзүн мындай улантты: «Экономика дагы күчтүү, өлкө дагы күчтүү жана дагы бириккен саясат бар. Ушундай жагдай башка бир өлкөдө болгондо, мамлекеттик мекемелер бири-бири менен кагылышмак, коомчулук уюлдашып бири-бири менен кагылышмак. А бирок бул чыккынчылык төңкөрүш аракетинен кийин жаңы бир көпүрөнүн ачылышы жасалды. Андан кийин Түркия дагы эле экономикалык демилгелерин улантууда жана жакында Босфор кысыгынын астынан өткөн жаңы бир өткөөл тейлөөгө киргизилет. Өткөндө Дүйнөлүк энергетика форумуна чогулттук жана дүйнөдөгү энергетикага тийиштүү маанилүү адамдарды чогулттук жана энергетика саясаттарынын келечеги туурасында талкуу кылдык. Биздин тышкы жана ички саясатыбызда эми Түркиянын абдан күчтүү өлкө болгонун оңой эле айта аламын. Бул да элибиздин эр жүрөктүүлүгү, алардын баатырларча турушу менен абдан жакындан тиешеси болгон натыйжа».



Тектеш кабарлар