Парламентте Казан районунун аты "Кахраманказан" болуп алмашты

Бул долбоор Түркия Улуу Улуттук Жыйынында  бир добуштан кабыл алынды.

597030
Парламентте Казан районунун аты "Кахраманказан" болуп алмашты

Анкаранын Казан районунун аты «Кахраманказан» б.а. «Баатырказан» деп өзгөртүлүшү жана 15-июлдун «Демократия жана Улуттук биримдик күнү» деген аталыш менен расмий эс алуу күнү кылынышына карата мыйзам сунушу Түркия Улуу Улуттук Жыйынында (TBMM) бир добуштан кабыл алынды.

Фетуллахчы террор уюму/параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетине бөгөт болуш үчүн тарыхый туруштукту көрсөткөн Казанга ылайыктуу болгон «Баатыр» наамы берилди.

Төңкөрүш аракетине каршы алгачкы жарандык туруштук Казанда башталды. Казан калкы төңкөрүшчүлөрдүн чеби болгон «Акынжы» гарнизонун ошол түндө 8 миң кишиси басып алды.

Казандыктар төңкөрүш аракетин четке кагыш үчүн F-16 учактардын астына жатышты. Колунда эч куралы жок танкаларды токтотууга аракет кылышты жана 9 киши шейит болду.

Эл өкүлдөрү жана залда көрүүчү катары турган Казан муниципалитетинин башчысы Локман Эртүрк жана аны коштогон делегация, сунуштун мыйзамдашуусун туруп алып кол чабып куттукташты.

Мыйзамга ылайык Анкаранын Казан районунун аты «Кахраманказан» деп алмашууда. Айрыкча 15-июль күнү «Демократия жана Улуттук биримдик күнү» деп аталып расмий эс алуу жарыяланат.



Тектеш кабарлар