Анкарада кол салууга даярданган террористтер кармалды

Бомбалуу унаа менен кол салууга даярданган эки террорист өлүү колго түшүрүлдү

585243
Анкарада кол салууга даярданган террористтер кармалды

Бомбалуу унаа менен кол салууга даярданган эки террорист Хаймана жолунда полициянын «багын» чакыруусуна баш ийбестен өздөрүн жардырышты.

Анкара губернатору Эрдоган Топажа Диярбакырда жасалган жан кечтилик кол салуу тууралуу иш жүргүзгөн полициянын Хаймана жолундагы бир ат багылган жерде террористтерди табышкандарын билдирди. Полициянын «багын» чакыруусуна баш ийбеген террористтер денелерине жайгаштырылган бомбаны жардырды. Өлүү колго түшкөн жандуу бомбалардын экөөсүнүн ким экендиги аныкталып, үчүнчү бир террористтин  бар экендигинен да шектенүүлөр болуп жатат. Изилдөөдө 200 килограмм аммиак жана пластикалык жарылуучу табылды.

Анкара губернатору Эржан Топажа жандуу бомбалардын террордук уюм ПККга караштуу  болуу ыктымалынын жогору экендигин белгиледи. Губернатор Топажа  жарандардын билдирүүсү жана полициянын ийгиликтүү жүргүзгөн операциясы менен террористтердин максатына жете албагандыгын айтты. Топажа террористтердин өздөрүн жашыруу үчүн унааларына түрк желегин илишкендерине көңүлдөрдү буруп, жарандарды шектүү киши жана унаалардан этият болуулары керектиги боюнча эскертти.
 



Тектеш кабарлар