Стамбулда жардыруу болду

Кол салгычтар бомбалуу мотоциклди жардырып жиберишти

584371
Стамбулда жардыруу болду

Стамбулдун Бахчелиевлер районундагы 75-жыл Полиция борборуна бомбалуу кол салуу болуп, андан 10 киши жаракат алды.

Губернатор Васип Шахин твиттер аркылуу жарылаган билдирүүсүндө, кол салуунун бомбалуу мотоцикл менен ишке ашырылганын маалымдады.

Шахин: «Бахчелиевлер районунун Фатих көчөсүндө болгон жардыруудан 10 жараныбыз жаракат алды»,-деди.

Жардыруу чөйрөдөгү унаалар жана айрым имарттарга зыян келтирсе, өрт өчүргүч жана тез жардам унаалары окуяга болгон жерге жөнөтүлдү.

Ал жерде иликтөөлөр уланып жатат.



Тектеш кабарлар