«Евфрат калканы» кыймылынын 44-күнү

68 бутага «Фыртына» пушкаларынан 252, көп түтүктүү ракета аткычтан 80 жана танкалардан 31 ок атылды.

584151
«Евфрат калканы» кыймылынын 44-күнү

Сириянын түндүгүнүн террор элементтеринен тазаланышы үчүн 24-августта Түркиянын жол башчылыгында башталган «Евфрат калканы» кыймылынын 44-күнү. Түрк куралдуу күчтөрү террор уюму ДЕАШка таандык 68 бутаны атты.

68 бутага «Фыртына» пушкаларынан 252, көп түтүктүү ракета аткычтан 80 жана танкалардан 31 ок атылды.

Ок атуулардан кийин Эркин Сирия армиясынын илгери жылышына бөгөт болгон тоскоолдуктар, ДЕАШка таандык буталар, убактылуу баш калкалоочу жайлары жана террорист топтору таамай атылып таш талканы чыгарылды.

Түрк куралдуу күчтөрүнө таандык учактар да Актарин жана Кабтанда орун алган 8 бутага 10 бомба таштады.

ДЕАШ элементтеринин курал жайгаштырган жай катары колдонгон 7, жооптуу деңгээлдеги террористтер орун алган бир имарат болуп бардыгы 8 имарат менен 1 текшерүүчү пункту жана 1 дочка куралы жүктөлгөн унаасы жок кылынды.

Коалициялык күчтөр тарабынан Түркмөн Барынын түштүгүндө белгиленген ДЕАШ элементтерине карай абадан операцияда да ДЕАШка мүчө 3 террорист жок кылынды.



Тектеш кабарлар