Тышкы иштер министрлиги Ирак парламентинин чечимин айыптады

Ирак парламентинин чечими калктын көз карашын чагылдырбайт

583154
Тышкы иштер министрлиги Ирак парламентинин чечимин айыптады

 Түркия  парламенттин Ирактагы түрк аскерлеринин кызмат мөөнөтүн узартуу чечимин сынга алган Ирак парламентин айыптады.

Тышкы иштер министрлиги бул тууралуу жазуу түрүндө маалымат берип, Ирак депутаттар парламентинин Түркия тууралуу чыгарган чечимин айыптагандыгын белгилеп : «Өзгөчө бул чечимдин урматтуу президентибизге карата айтылган жаман бөлүмүн катуу айыптап жана кабыл албайбыз»,- деди. Маалыматта  чечимдин Түркиянын көптөгөн жылдардан бери бардык темада колдогон Ирак калкынын чоң бир бөлүмүнүн көз караштарын чагылдырбагандыгы айтылды.

Маалыматта чыгарылган чечимден улам тынчсыздануунун  министрликке чакырылган Ирактын Анкарадагы элчисине да билдирилери белгиленди.

Ирак депутаттар парламенти Түркия парламентинин түрк аскерлеринин Иракта калуу мөөнөтүнүн макулдашуусу тууралуу 1 -  октябрда чыгарган чечимин кабыл албагандыгын жана бекитилбегендигин билдирген болчу.



Тектеш кабарлар