Төңкөрүш аракети ийгиликтүү болсо эмне болот эле?

Адилет министри Бекир Боздаг, ФЕТӨнүн 15-июлдагы төңкөрүш аракети ийгиликтүү болгондо эмне болмоктугун твиттер эсебинен бөлүштү.

581809
Төңкөрүш аракети ийгиликтүү болсо эмне болот эле?

Адилет министри Бекир Боздаг, Фетуллахчы террор уюму/параллель мамлекет түзүмүнүн (ФЕТӨ/ ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракети ийгиликтүү болгондо, Түркиянын басылып алынып, режими өзгөрүп жана бөлүнүү сыяктуу бир топ коркунучка туш болмоктугун билдирди.

Боздаг, 15-июлдагы чыккынчылык төңкөрүш аракетине байланыштуу социалдык медиа тармагы твиттердеги бөлүшүүсүндө,  Төңкөрүш аракети ийгиликтүү болсо эмне болот эле? деген суроо узатып, түрк калкынын 15-июль түнү төңкөрүшчүлөрдү жеңип чыгып, демократиясын, эркиндигин, эркин жана укук мамлекетин сактап калганын белгиледи.

Бекир Боздаг баатырларча күрөшүү менен Түркиянын бөлүнүү, режими өзгөрүү, диний реформа, басып алуу жана акыры жүздөгөн адамдын өлүмү менен аяктай турган процесске туш болууга бөгөт коюлганын белгилеп кетти.

Министр Боздаг, мына ушул себептерден улам төңкөрүш аракетинин унутулбашы жана унуттурулбашы керектиги чакырыгын салды.

Боздаг бардык коркунучтарга карабастан Түркиянын күчтөнүү менен жолун уланта турганын белгилеп өттү.



Тектеш кабарлар