Мыйзамсыз жолдор менен Грецияга барууга аракет кылгандар кармалды

Алар резина кайык менен бара жаткан

581466
Мыйзамсыз жолдор менен Грецияга барууга аракет кылгандар кармалды

Измирдин Чешме жана Дикили райондорунан мыйзамсыз жолдор менен Грецияга барууга аракет кылган 112 бозгун кармалды.

Чешме жээктериндеги Атеш аралына жакын жерде бозгундардын үйлөтүлгөн резина кайык менен Грециянын Сакыз аралына өтүүгө аракет кылгандары жөнүндө маалымат алган жээк коопсуздугун сактоочу топтор аймакка багыт алышты.

Куткаруучу топтор деңизде Сирия улутундагы 40 бозгунду жээкке чыгарышты.

Дикилиде да резина кайык менен Мидили аралына өтүүгө аракет кылган 72 бозгун кармалды.

Алар паспорттук текшерүүдөн өткөндөн кийин көч башкармалыгына тапшырылды.



Тектеш кабарлар