ДЕАШка таандык буталар бомбаланды

«Евфрат калканы» кыймылы уланып жатат

581661
ДЕАШка таандык буталар бомбаланды

Сириянын түндүгүнүн террордук уюмдардан тазаланышы үчүн Түрк куралдуу күчтөрүнүн жетекчилигинде 24-августта башталган «Евфрат калканы» кыймылынын 41-күнүндө террористтер менен болгон кагылышууларда 15 оппозициячыл шейит болуп, 35и жаракат алды.

Операцияларда террордук уюм ДЕАШка мүчө 13 террорист жок кылынды.

Кыймылдын алкагында ДЕАШка таандык 63 бута бомбаланып, көп сандаган жай талкаланды.

Түрк согуштук учактары террордук уюмга таандык 9 имаратты жок кылды.

Ушул күнгө чейин 111 отурукташуу жери оппозициячылдардын көзөмөлүнө өттү.



Тектеш кабарлар