Премьер - министр Сауд Аравиянын мураскер принци менен Чанкая сарайында жолугушту

Премьер – министр Бинали Йылдырым терроризм менен күрөшүү тууралуу Сауд Аравия менен кызматташтыкты арттыруу менен улантышарын билдирди

580224
Премьер - министр Сауд Аравиянын мураскер принци менен Чанкая сарайында жолугушту

 

Аравиянын экинчи адамы катары билинген мураскер принц Мухаммед бин Найиф бин Абдулазиз ес Сууд кечээ борбор шаар Анкарага келди. Принцтин биринчи аялдамасы Чанкая сарайы болду.

Өткөрүлгөн расмий аземден кийин Йылдырым принц менен жекеме жеке жана делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдөн кийин урматына берген кечки тамакта жолугушту. Жолугушууда эки өлкөдөн көп сандаган министр да катышты.

Экономика жана энергетика башта болуу менен эки тараптуу карым – катнаштар каралды. Премьер – министр Йылдырым 15 -  июлдагы кыймылга карата Сауд Аравиянын күчтүү тилектештиги үчүн мураскер принц Мухаммед бин Наифке рахмат айтты.

Терроризм менен күрөшүүдө эки өлкө карым – катнаштарына токтолгон премьер – министр бул тууралуу Сауд Аравия менен кызматташтыкты арттыруу менен улантышарын баса белгиледи. Премьер – министр Йылдырым аймактык темаларда дал келген көз караштарга ээ экендерин белгилеген Сауд Аравия менен башта Сирия жана Түркия – Булуң Кызматташтык Өлкөлөрүнүн карым – катнаштары жана эл аралык темалардын негизинде да иреттүү байланыш жана кеңешүү ичинде  болууга маани беришкендерин айтты.

Мураскер принц Мухаммед бин Наиф болсо орток тарыхый байланыштар менен өнүккөн Түркия – Сауд Аравия карым – катнаштарынын бардык тармакта тереңдетилүүсү багытында күчтүү эркке ээ экендерин баса белгилеп, президент Эрдоган жана Король Селман ортого салган көз караштын негизинде мекмелер менен иш алып барышарын айтты.  

Мухаммед бин Наиф Түркия жана Сауд Аравиянын ортосундагы кызматташтыктын аймактык коопсуздук, бейкуттук жана ырааттуулук үчүн ачкыч мааниге ээ экенгидигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар