"Ефрат калканы" операциясы

"Ефрат калканы" кыймылынын негизинде террордук уюм ДЕАШ мүчөсү террорист өлтүрүлдү

580133
"Ефрат калканы" операциясы

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан жүргүзүлүп жаткан "Ефрат калканы" кыймылынын негизинде террордук уюм ДЕАШ мүчөсү террорист өлтүрүлдү.

Башкы штабдын төрагалыгынан берилген маалыматта кыймылдын 37 -  күнүндөгү абалдарга байланыштуу маалымат берилди. Маалыматка караганда аныкталган ДЕАШка таандык 50 бутага 158 пушка атылды. Кыймыл башталган 24 -  августтан бери жалпы 1469 бутага 5 миң 675 атуу болду.

Аба күчтөрүнө таандык учактар да Хажы Күшахта аныкталган үч бутага ок атты. Коалиция күчтөрү тарабынан Зиядиях аймагында аткарылган абадан кыймылынын акырында бир ДЕАШ террордук уюмдун мүчөсү таасирсиз абалга алып келинип, бир имарат жардырылды. Айрыкча Бабдын 2 километр түштүк – батышында жайгашкан жана ДЕАШ элементтери тарабынан колдонулган имарат колаицияга таандык батареядан 8 ракета атылып жардырылды. Ошол эле учурда оппозиция элементтери Раинин түштүк – батышындагы Талл Арда кайрадан көзөмөл колого алынып, Зиядиях жана Гурурду да колго алды.

Раинин чыгышында Ел Еййүбиях болсо ДЕАШтын  текшерүсүнө өттү. Кечээ болгон кагылышууларда 4 оппозициячыл шейит болуп, 15ши да жараланды.

Түрк куралдуу күчтөрү Сирия чек ара жолунда учкучсуз унаа менен чалгындоо жана байкоо иштери улантылууда. Апаат жана чукул абалдар башкаруусунун төрагалыгы жана Кызылайга таандык топтор менен Эркин Сирия Армиясынын кызматкерлери жана аймактагы жарандарга күндө 3 маал ысык тамак берилип, медициналык жардам берилүүдө.



Тектеш кабарлар