"Чанаккале 1919 көпүрөсү"

Чанаккаледеги көпүрө бүтө турган болсо дүйнөнүн эң узун көпүрөсү «Чанаккале  1915  көпүрөсү» болот

579534
"Чанаккале 1919 көпүрөсү"

Чанаккаледе Лапсекинин Шекеркая аймагы менен Гелиболунун Сүтлүже аймагынын ортосунда курула турган «Чанаккале 1915 көпүрөсү» үчүн Япониянын экономика жана өнөр жай министрлиги тарабынан милдеттендирилген OCG Кеңешүү Уюмунун жетекчилери аймакта иликтөө жүргүздү, кабинет жана биржа өкүлдөрү менен жыйын өткөрүлдү.

Гелиболу соода жана өнөр жай кабинети менен жолугушууларды өткөргөн делегация төрага Ибрахим Өзен жана башкаруу кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. Фирма жетекчиси Хиронори Куроки 2017 – жылы 18 – мартта пайдубалынын  түптөлүшү пландалган көпүрө проектиси тууралуу маалымат берди. Куроки 2014 -  жылы Япониянын премьер – министри Шинзо Абе жана президент Р. Т. Эрдоган тарабынан Чанаккале көпүрөсүндө япондор менен биргелеше иштөө тууралуу макулдашуунун түзүлгөндүгүн белгилеп, ушунун негизинде проектинин экологиялык таасирлерин иликтөө максатында Гелиболуга келишкендерин айтты.

Хиронори Куроки дүйнөнүн эң узун аралыктуу көпүрөсүнүн азыр да Японияда экендигин, Чанаккаледеги көпүрө бүтө турган болсо эң узун көпүрөнүн «Чанаккале  1915  көпүрөсү» болорун сөздөрүнө кошту.

 

 



Тектеш кабарлар