Хаккариде аскердик операция

Хаккариде террордук уюм ПККга карата абадан операция жүргүзүлдү

576319
Хаккариде аскердик операция

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Хаккариде террордук уюм ПККга карата абадан операция жүргүзүлдү. Башкы штабдын төрагалыгынан берилген маалыматта Йүксекова районунун Бузул тоо аймагына кечээ 18:47 – 19:01 жана 22:51 – 23:07 саттарынын арасында түрк аба күчтөрүнө таандык аскердик учактар тарабынан эки аба операциясынын ишке ашырылгандыгы белгиленди.

Маалыматта аймакта жерлери аныкталган жикчил террордук уюм ПККга таандык курал  сактоочу кампалар менен баш калкалоочу жерлер, күнүмдүк турмушта колдонулган үңкүрлөрдүн жардырылгандыгы билдирилди. Операцияга катышкан аскердик учактар кайрадан базаларына кайтып келди.



Тектеш кабарлар