Фетуллах Гүлен Түркияга өткөрүлүп берилбесе жыйынтыгы өтө оор болот

Президенттиктин катчысы АКШны эскертти

575277
Фетуллах Гүлен Түркияга өткөрүлүп берилбесе жыйынтыгы өтө оор болот

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) корбашчысынын Түркияга тапшырылып берилбеши өтө оор жана узак мөөнөттүү жыйынтыктарга себепчи болушу мүмкүн деп эскертти.

ТРТнын программасына конок болуп күн тартипке байланыштуу суроолорго жооп берген Ибрахим Калын, бул уюмдун ар бир барган өлкөдө жайылууга аракет кылаарын да сөз кылды.

Ибрахим Калын президент Режеп Тайип Эрдогандын БУУнун Башкы Ассамблеясында шейшемби күнкү сөз сүйлөөсү менен акыл-эстин, абийирдин, бардык адамзаттын жана мээримдүүлүктүн үнү катары бүтүндөй дүйнө жүзүнө кайрылгандыгын эске салды.

Эрдоган сөз сүйлөөсүндө өзгөчө түрк демократиясына урулган эң чоң сокку катары ФЕТӨнүн 15-июлдагы төңкөрүш аракетине токтолгондугун сөз кылган катчы, президент Эрдогандын демократияга жана эркиндикке ишенген улуттар менен өлкөлөрдү бул төңкөрүштү токтоткон эр жүрөк түрк элинин баянын көз жаздымда калтырылбоого чакыргандыгын айтты.

ФЕТӨнүн корбашчысы Фетуллах Гүлендин АКШдан өткөрүп алынышы темасында болсо тапшыруу жана мындан кийинки кадам катары да суракка алынып камакка алынышына байланыштуу укуктук жараяндын жүрүп жатканын түшүндүрдү.

ФЕТӨнүн корбашчысынын үчүнчү өлкөгө жөнөтүлүшүнө байланыштуу суроого Калын мындай деп жооп берди: «Биздин талабыбыз түздөн-түз Түркияга тапшырылышы. Бул киши ошол эле учурда Түркия Республикасынын жараны. Түркиядагы кылмыштары боюнча өткөрүлүп берилиши талап кылынууда. Кандайдыр бир үчүнчү өлкөгө жиберилиши эмес, Түркияга тапшырылышы биздин алдыңкы талабыбыз. Буга чейинки бардык расмий кайрылуулар да ансыз деле ушул алкакта. Ошондуктан америкалык чечим чыгаруучулар, саясатчылар жана даанышмандар чогуу олтуруп бул жерде чындап эле так сүйлөшүү өткөрүшү керек. Түркия сыяктуу бир өлкөдөн ажырап калуу коркунучуна карабастан сиз ушундай камкордук кылууну улантсаңыз же ушундай көрүнүштү берип, түшүнүк жаратсаңыз мунун жыйынтыгы өтө оор болот. Узак мөөнөттүү болот»,-деп айтты.

Түркияда төңкөрүш аракетинин артында ФЕТӨнүн тургандыгын ойлогондор учурда бир гана белгилүү топ, партия же чөйрө эмес, түрк коомчулугунун дээрлик бардыгынын бул темада бирдей пикирде экенин белгилеген Калын: «Бул топту көз жаздымда калтырсаңар түрк коомчулугун туура эмес түшүнөсүздөр. Түркиянын жана элинин динамикаларын буйтап кеткен болосуздар. ФЕТӨ бир гана Түркия же АКШда коркунуч туудурган уюм эмес, ар бир барган өлкөдө эртең ушуга окшогон кыймылдарды жасап, ушуга окшогон нерселерди ишке ашырышы мүмкүн жана жайылууга аракет кылышы мүмкүн»,-деди.



Тектеш кабарлар