Эрдоган АКШда...

Президент Эрдоган Нью-Йорктогу жолугушууларын баштады.

573731
Эрдоган АКШда...
katar emiri.jpg
cumhurbaşkanı erdoğan abd'de.jpg
cumhurbaşkanı erdoğan abd'de.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган БУУнун Башкы Ассамблеясынын 71-сессиясына катышуу үчүн АКШнын Нью-Йорк шаарына барды.

Эрдоган жолугушууларынын алкагында эң оболу өзү калган мейманканада Катардын эмири шейх Темим бин Хамед Аль-Сани менен жолукту.

Эрдоган менен Аль-Санинин ортосунда өткөн 1саат 2 мүнөттүк жолугушуу жабык эшик артында болду.

Эрдоган андан соң саясат, экономика жана коомдук изилдөөлөр фонду СЕТА тарабынан уюштурулган АКШлык даанышман адамдар катышкан иш тамагына барды.

Анда айрым ой-пикир мекемелеринин өкүлдөрү жана медиа мүчөлөрү менен жолуккан Эрдоган, жолдо баратканда аны тоскон түрктөр менен саламдашып, сүрөткө түштү.

Президент Эрдоган бүгүн БУУнун Башкы ассамблеясында БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун тарабынан делегация башчылары жана жубайларынын урматына бериле турган рецепсиясына жана Туруктуу өнүгүү максаттары жана 2030-жылга карай өнүгүү күн тартибинин кабыл алуусунун бир жылдыгы боюнча уюштурула турган иш-чарага катышат.

БУУнун Башкы ассамблеясындагы жалпы сүйлөшүүлөр отурумунда орун ала турган Эрдоган, Англиянын премьер-министри Тереза Мэй жана Пакистандын өкмөт башчысы Наваз Шарифти өз-өзүнчө кабыл алат.

БУУнун Башкы Ассамблеясына кайрылгандан кийин БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун тарабынан уюштурула турган түшкү тамакка, андан соң АКШнын президенти Барак Обаманын карамагында өтө турган «качкындар» темалуу лидерлер саммитине катышат.

Ирандын президенти Хасан Рухани жана Украинанын президенти Петро Порошенко менен өз өзүнчө жолугушуу өткөрө турган Эрдоган, АКШнын президенти Барак Обама жана жубайы тарабынан делегация башчыларына бериле турган рецепсияга катышат.

 



Тектеш кабарлар