Түркия парламентинин төрагасы Европада

Европанын парламент төрагалары Франциянын Страсбург шаарындагы жыйналышта чогулду. Жыйналышта Түркияны парламент төрагасы Исмаил Кахраман өкүлдүк кылды.

571506
Түркия парламентинин төрагасы Европада

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Исмаил Кахраман 15-июлдагы төңкөрүш аракети жана Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) менен күрөшүүдө европалык парламентарлардан «Шартсыз айыптоо күткөн элек, бирок биздин көңүлүбүздү калтырышты»,-деди.

Европанын парламент төрагалары Франциянын Страсбург шаарындагы жыйналышта чогулду. Жыйналышта Түркияны парламент төрагасы Исмаил Кахраман өкүлдүк кылды.

Европа Консейинин Парламенттик Ассамблеясынын Төрагасы Педро Аграмунт конференциянын ачылыш сөзүндө эң оболу 15-июлдагы төңкөрүш аракетине токтолду.

«Түркияда абдан трагедиялуу окуяларга күбө болдук», деген Аграмунт: «Демократияны жок кылууга карай козголоңго каршы атуулдар теңдеши жок эр жүрөктүүлүк үлгүсүн көрсөтүштү»,-деп айтты.

Түркия Парламентинин төрагасы Исмаил Кахраман болсо өз сөзүндө европалык парламент төрагаларына таарынычын билдирди.

Кахраман төңкөрүш аракетине каршы шартсыз айыптоо күткөндөрүн, бирок ойлогондорундай болбогонун баса белгиледи.

Төңкөрүш аракетинен кийин болгон митингдерге каршы айрым Европа өлкөлөрүндөгү ишке ашырууларды сындаган Кахраман: «Айрым Европа шаарларында төңкөрүш аракетине нааразылыгын билдирип, демократияны жактаганын көрсөтүү максатында көчөлөргө Түркиянын желегин көтөрүп чыккан адамдардын катуу текшерилиши же аларга акчалай айып пул салынышы сыяктуу ишке ашыруулар кайсы «демократиялык» баалуулуктарды ачыктай алат?»деген суроо узатты.

Фетуллахчы террор уюму менен күрөшүү парламент төрагасы Исмаил Кахрамандын орусиялык кесиптеши менен болгон эки тараптуу жолугушуусунда да күн тартипте эле.

Исмаил Кахраман менен Оруси Федерациясынын Консей төрайымы Валентина Матвиенко эки өлкөнүн карым-катнаштарынын нормалдашуусу менен бирге парламенттер аралык кызматташууну да күчтөндүрүү темасында макулдашышты.

Кахраман Фетуллахчы террор уюмуна каршы тургандыктары үчүн кесиптешине ыраазычылыгын билдирди.

Исмаил Кахраман конференциянын алкагында Франция жана Норвегиянын парламент төрагалары менен да эки тараптуу жолугушуу өткөрүүгө жетишти.



Тектеш кабарлар