Сиздин элчиңиз бул жакта губернатор эмес

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри түрк кесиптеши Мевлүт Чавушоглуна телефон аркылуу байланышып сүйлөштү.

570849
Сиздин элчиңиз бул жакта губернатор эмес

АКШнын Анкарадагы элчиси Жон Басстын ойлонбой сүйлөөсү өлкөсүн кыйын абалга түшүрдү.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри түрк кесиптеши Мевлүт Чавушоглуна телефон аркылуу байланышып сүйлөштү.

Чавушоглу анда Жон Керриге элчи Басстын убактылуу милдетти аткаруучулар дайындалган мэриялар тууралуу айткандарынан тынчсызданганын билдирди.

Басс болсо аты аталган мэриялар үчүн жасалган дайындоолордун убактылуу боло турганын жана эң кыска мөөнөттө шайлоо өткөрүлө турганын үмүт кылганын айткан.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу кечээ жасаган ачыктоолорунда да АКШ бийлигине, «Сиздин элчиңиз Түркияда губернатор эмес, элчилик кызматын ыңгайлуу өтөсүн.Вена келишиминин алкагында милдетин аткарсын. Түркиянын губернатору сыяктуу кыймыл кылышна уруксат бербейбиз»,-деп каршылык көрсөттү.



Тектеш кабарлар