Түркиядан Газага гуманитардык жардам барды

Түркиядан кеме менен келген жардамдарды ташыган дагы 6 жүк ташуучу унаанын Газага киришине уруксат берилди.

569538
Түркиядан Газага гуманитардык жардам барды

Түркиянын «Eclips» аттуу кеме менен жиберген жардам материалдарын ташыган 6 жүк ташуучу унаасы, Керм Абу Салим чек ара капкасы аркылуу Газа тилкесине жетти.

Керм Абу Салим чек ара капкасынын директору Мунир аль-Галбан, жазуу түрүндөгү жарыясында Израиль органдарынын Түркиядан кеме менен келген жардамдарды ташыган дагы 6 жүк ташуучу унаасынын Газага киришине уруксат бергенин белгиледи.

Жүк ташуучу унаалардан төртөөнө азык-түлүк заттары жүктөлгөнүн, калган экөөнүн ичинде болсо мектеп шаймандары менен оюнчуктар орун алганын айткан Галбан, муктаждык ээлелерине жетирилиши үчүн Газадагы Социалдык иштер министрлигинин складдарына жиберилгенин белгиледи.

Түркиянын «Eclips» аттуу кеме менен жиберген жардам материалдарынын биринчи бөлүмү, шаршемби күнү Керм Абу Салим капкасынан Палестина тарабына өткөрүлгөн.

ТР Премьер-министрлигине караштуу апаат жана өзгөчө кырдаалды башкаруу башкармалыгынын координациясында даярдалган кемеде, 2500 тонналык гуманитардык жардам материалы бар.



Тектеш кабарлар