Израиль Түркияга кун төлөйт
Күчүнө кирген келишим Расмий гезитте жарыяланды.
568043
Түркия менен Израилдин ортосунда «Мави Марвара» окуясы боюнча кун төлөнүшү жөнүндөгү усулдук келишим Расмий гезитте жарыяланды.
Күчүнө кирген келишимге ылайык, Израиль «Мави Мармара» окуясында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 20 миллион доллар кун төлөйт.
25 күндүн ичинде банкка салына турган каражаттын таркатылышын түрк кызмат органдары ишке ашырат.
Келишим аркылуу «Мави Мармара» окуясына байланыштуу Израиль жарандары укуктук жоопкерчиликтен бошотулат.
Тектеш кабарлар
Ирактын түндүгүндө 2 террорист жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.