Түркиянын чек арасын бойлой кеткен операция ийгиликке жетишти

Түркия-Сирия чек арасында террорист элементтерден тазаланган тилке пайда болду.

565360
Түркиянын чек арасын бойлой кеткен операция ийгиликке жетишти

Террор уюму ДЕАШтын Түркиянын чек арасы менен байланышы калган жок...

«Эвфрат калканы» кыймылында Түрк куралдуу күчтөрүнүн колдоосу менен террор уюму ДЕАШты сүрүп бараткан Эркин Сирия армиясы Азез-Жераблус багытын бириктирди.

Ушундайча Түркия-Сирия чек арасында террорист элементтерден тазаланган тилке пайда болду. Кыймылдын 12-күнүндө 600 чарчы километрдик аянт террор уюму ДЕАШтан тазаланды.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн бириккен атайын кыймыл күчтөрүнүн жол башчылыгында 24-августта башталган   «Эвфрат калканы» кыймылы максаттарынан бирине жетти.

Сириянын Жераблус аймагынан башталган кыймылдын экинчи баскычында мурдагы күнү Килистин Элбейли районунан Чобанбейге багыт алып киришти..

Жаңы фронтко Түрк аба күчтөрүнө таандык согуштук учактары колдоо көрсөттү.

Жераблустун түштүк батышындагы Минтакат, Кандурах жана Вукуфта террор уюму ДЕАШ элементтерине карай Американын А10 үлгүсүндөгү согуштук учактары менен чабуул уюштурулду.

Эл Кады аймагында үч, Вукуф аймагында болсо бир бута жок кылынды.

Оппозициячылдар Чобанбей аймагында Тувейран, Халилие, Баб Лемон, Хаж Вели жана Өкүзөлдүрен айылдарын ДЕАШтан алды.

 Башкы штаб төрагалыгы 24-августтан бери 383 бутага бардыгы 1599 ок атылганын жарыялады.

Сириянын ичинде уланып жаткан операцияга чек арада жайгашкан бөлүктөр коопсуздукту камсыздап жатты.

12 күндө бардыгы 20 ДЕАШ бутасы, 52 «Фыртына» пушкасы жана 20 көп түтүктүү ракета аткыч менен атылды.

Айрыкча 11 мина жана 325 колго жасалган жарылуучу зат да жок кылынды.

Сириянын Түркия чек арасын бойлой кеткен кыймылда 12-күндө күтүлгөн жыйынтыкка жетишилди.

Эркин Сирия армиясынын аскерлери Түрк куралдуу күчтөрүнүн колдоосу менен Азез жана Жераблустун ортосундагы Түркия-Сирия чек арасында террорист элементтерден тазаланган тилке түздү.

Түркиянын чек арасынан Сириянын ичин көздөй 3-5 км аралыкка чейин коопсуз тилке түзүлүп ДЕАШтын Түркия чек арасы менен түздөн-түз физикалык байланышын үздү. Эркин Сирия армиясынын аскерлери жеңиштерин асманга ок атып белгилешти.

Түрк куралдуу күчтөрү «Эвфрат калканы» кыймылы башталган алгачкы күндөн бери жарандардын зыян тартпашы үчүн ар түрдүү чараны көрүүдө.

Бул учурда жарадар болгон Эркин Сирия армиясынын аскерлери Өнжүпынар чек ара капкасына алып келинүүдө.

Кагылышууларда жарадар болгон Эркин Сирия армиясынын 19 аскери Килистеги ооруканаларда дарыланууда. Жаралуулардан бирөө көз жумду.



Тектеш кабарлар