Эрдоган-Меркель жолугушуусу

Меркель, Германия Түркиядагы төңкөрүш аракетин айыптаганын жана демократияны жактаганын баса белгиледи.

565048
Эрдоган-Меркель жолугушуусу

Эрдоган Чоң жыйырмалыктын мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммити үчүн барган Кытайда Германиянын канцлери Ангела Меркелди кабыл алды.

Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинин алдында болгон жолугушууда эки тараптуу карым-катнаштар, Түркия-ЕБ карым-катнаштары, Сирия жана террор менен күрөшүү маселелери каралды.

Анда Фетуллахчы террор уюму, параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетине да токтолушту.

Меркель, Германия төңкөрүш аракетин айыптаганын жана демократияны жактаганын баса белгиледи.

Президент Эрдоган да Меркелге Германиянын колдоосу менен катар бул процесстин ичинде эки жолу телефон сүйлөшүүсүн өткөрүүлөрүнө да ыраазы болгонун белгиледи.

Эрдоган жана Меркель, Түркия менен Геманиянын ортосундагы экономикалык, саясий жана маданий карым-катнаштарды дагы да өнүктүрүү темасында чечкиндүү болгондорун айтышты.

Президент Эрдоган жолугушууда «Эвфрат калканы» кыймылы туурасында Меркелге маалымат берди.

Сириядагы кризистин саясий чечим менен соңуна чыгарылышынын керек болсо ырааттуулуктун кайрадан түзүлүшү, керек болсо ДЕАШ жана башка террордук уюмдар менен таасирдүү күрөшүү үчүн маанилүү экенине токтолгон президент Эрдоган, Түркиянын түштүк чек арасын бойлой «террор коридору» курулуусуна уруксат бербей тургандарын баса белгиледи.

Ангела Меркель да Түркиянын ДЕАШ башында турган бардык террордук уюмдар менен күрөшүүсүн колдогондорун белгиледи.

Жолугушууда президент Эрдоган жана канцлер Меркель, Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштарынын алкагында «Түркия жарандарына визасыз режим киргизүү» жана «Артка кайтарып алуу» келишимдеринин бир убакта ишке киргизилишин камсыздоого карай кеңешүүлөр жана иштердин улантылышы темасында да макулдашышты.



Тектеш кабарлар