Эрдоган-Си Цзиньпин менен жолукту

Эки лидер жолугушуусунан кийин Түркия жана Кытайдын ортосунда боло турган келишим жана протоколдорго кол коюу аземине катышты.

564469
Эрдоган-Си Цзиньпин  менен жолукту

Президент Режеп Таййип Эрдоган Кытай Эл Республикасынын Президенти Си Цзиньпиндин чакыруусу менен барган Кытайда эки тараптуу жолугушуулары менен катар Чоң жыйырмалыктын мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммтине катышат.

Президент Эрдоган Кытайда эң оболу Си Цзиньпин менен жолукту.

Эки лидер андан кийин Түркия жана Кытайдын ортосунда боло турган келишим жана протоколдорго кол коюу аземине катышты.

Бул жолугушуудан кийин эки өлкөнүн ортосунда кызматташтык келишимине кол койду.

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Берат Албайрак кытайлык кесиптеши менен жаңылана алгыдай энергетика, көмүр жана атомдук энергетика коопсуздугу тармагындагы келишимдерге кол койду.

Вице-премьер Мехмет Шимшек да Кытайга болгон антеп фыстыгы экспортуна байланыштуу келишгимге кытайлык кесиптеши менен бирге кол койду.



Тектеш кабарлар