Эрдоган Кытайда жолугушууларын өткөрүүдө

Эрдоган эң оболу Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугуп бир топ маселени сүйлөшүп алды.

564567
Эрдоган Кытайда жолугушууларын өткөрүүдө
erdoğan çin'de 3.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен барган Кытайда эки тараптуу жолугушуулары менен катар Чоң жыйырмалыктын мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммитине катышат.

Президент Эрдоган Кытайда эң оболу Си Цзиньпин менен жолукту.

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин, Фетуллахчы террор уюму, параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетин айыптагандарын билдирип, ФЕТӨ/ПДЙ менен күрөштө Кытай Түркияны колдой турганын айтты.

Президенттик маалымат борборунан алынган маалыматка ылайык жолугушууда эки тараптуу карым-катнаштар менен катар Чоң жыйырмалыктын күн тартиби каралды.

Жолугушууда эки лидер глобалдык маселеге айланган террор менен күрөшүү темасында кызматташуу жана координациянын маанисине көңүл бурду.

Эки лидер Түркия жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштардын өнүктүрүлүшү максатында вице-премьерлик деңгээлинде түзүлгөн Өкмөттөр аралык кызматташтык кеңешинин иштери ылдамдатылышы темасында макулдашышты.

Эки тараптуу соода, транспорт, энергетика жана туризм тармактарында кызматташуулардын дагы да өнүктүрүлүшүнө чечим чыгарган президент Эрдоган жана Кытай Эл Республикасынын төрагасы  Си Цзиньпин, Чоң жыйырмалыктын күн тартиби орундатылышы үчүн чогуу иштөө темасында да бирдей көз карашта экендиктерин баса белгиледи.

 Эки лидер андан кийин Түркия жана Кытайдын ортосунда боло турган келишим жана протоколдорго кол коюу аземине катышты.

Бул жолугушуудан кийин эки өлкөнүн ортосунда кызматташтык келишимдерине кол койду.

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Берат Албайрак кытайлык кесиптеши менен жаңылана алгыдай энергетика, көмүр жана атомдук энергетика коопсуздугу тармагындагы келишимдерге кол койду.

Вице-премьер Мехмет Шимшек да Кытайга болгон антеп фыстыгы экспортуна байланыштуу келишимге кытайлык кесиптеши менен бирге кол койду.

Президент Эрдоган андан кийин БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун менен жолукту.

Жолугушууда Сирия жана Ирак башында турган аймактык темалар каралды.

Аты аталган эки өлкөдө ДЕАШ баштаган террор уюмдары менен күрөшүүнүн маанисине токтолушту. Анда Президент Эрдоган «Эвфрат калканы» операциясына байланыштуу БУУнун баш катчысы Пан Ги Мунга маалымат берди.

Эрдоган-Пан жолугушуусунда Сирияда ок атпоонун камсыздалышы, Халебде гуманитардык жардам менен климат өзгөрүшү темаларынын да каралганы маалымдалды.

Сирияда адамзаттык абал барган сайын начарлап баратканына көңүл бурган Эрдоган, Түркия катары БУУнун гуманитардык жардам жеткирилишине карай аракеттерин колдогондорун айтты.

БУУнун баш катчысы Пандын да жолугушууда Фетуллахчы террор уюму, параллель мамлекеттик түзүмүнүн 15-июлдагы төңкөрүш аракетин айыптаганын кайра кайталап, Түркияда демократия корголуп жатканына абдан ыраазы болгондорун айтканы белгилүү болду.

Президент Эрдоган АКШнын президенти Барак Обама жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугат.

Эрдоган-Путин жолугушуусу Түркия убактысы боюнча саат 17:00де боло турганы билдирилди.

Чоң жыйырмалыктын мамлекет жана өкмөт башчылары саммитине катыша турган Эрдоган, Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн мамлекет жана өкмөт башчылары менен да жолугушууларды өткөрөт.

Президент Эрдоганды Кытай сапарында вице-премьер Мехмет Шимшек, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, экономика министри Нихат Зейбекчи, энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Берат Албайрак менен улуттук чалгындоо уюмунун төрагасы Хакан Фидан коштоп жүрүшөт.



Тектеш кабарлар