Эрдоган Кытайда Путин менен жолугушту
Эки лидер 9-августта Санкт-Петербургда жолугушкан болчу.
Президент Режеп Тайип Эрдоган Чоң жыйырмалыктын саммити үчүн барган Кытай Эл Республикасында Орусиянын президенти Владимир Путин менен кечээ жолугушту.
Эрдоган Путин менен аймактык жана саясий маселелерди сүйлөшкөнүн белгилеп, Орусия менен энергетика тармагында таштала турган кадамдардын өз ара мамилелерди дагы да күчтүү кылаарын баяндады.
Орус лидер болсо 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин Түркиянын ылдам нормалдашуу процессине киргенин белгилеп, муну ыраазычылык менен кабыл алгандарын айтты.
Путин терроризмге каршы күрөшүп жаткан Түркиянын оор мезгилден өткөнүн, чоң коркунучтар менен бетме-бет келгенин айтты.
Эки лидер түрк аба мейкиндигине кирип кеткен орус учагы атып түшүрүлгөн 24-ноябарда башталган кризистен кийин биринчи жолу 9-августта Санкт-Петербургда жолугушкан болчу.
Тектеш кабарлар
Ирактын түндүгүндө 2 террорист жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.